Динара Ошурахунова, Азиза Абдырасулова, Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап кетти. Акыйкатчы эмне дейт?

Динара Ошурахунова, Азиза Абдырасулова, Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап кетти. Акыйкатчы эмне дейт?

Бүгүн, 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына митингге чыккан укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдырасулованы милиция кармап кеткенин укук коргоочу, «Кылым шамы» укук коргоо уюумунун жетекчиси Гүлшайыр Абдырасулова «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. Анын маалыматына караганда, укук коргоочулар элчиликтин алдында Украинаны колдоо максатта акцияга чыгышкан.

Акыйкатчы эмне дейт?

Укук коргоочуларды кармап кеткен окуяга байкоо салып турарын акыйкатчы Атыр Абдырахматова билдирди. Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 39-беренесине ылайык, ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу экендигин баса белгилеп, буларды айтты:

Кыргыз Республикасы кошулган “Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө” Эл аралык Пактынын 21-беренесине ылайык, жарандардын тынч чогулуу укугу таанылган. Бул укукту ишке ашырууга мыйзамда белгиленген чектөөлөрдөн жана демократиялык коомдо улуттук же коомдук коопсуздуктун, коомдук тартиптин, калктын саламаттыгын же адеп-ахлагын коргоо же башкалардын укуктарынын жана эркиндиктеринин коргоо талаптары үчүн зарыл болгон чектөөлөрдөн башка учурларда колдонулбашы керек экендигине кепилдик берилген.

Бул кепилдикти Кыргыз Республикасы милдеттенме катары эл аралык коомчулуктун алдында кабыл алган.
Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесинде көрсөтүлгөндөй, тынч чогулуш укугун чектөө учурлары так, чыныгы коркунучтарга өлчөмдөш болушу керек.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы, Конституцияга, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине таянып, Бишкектин Биринчи май райондун аймагында, Орусия Федерациясынын элчилигинин алдында, борбордук Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана Президенттик аппараттын имараттарынын алдында бардык жарандарга тынч чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча Бишкек ш. Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн чечими, аны күчүндө калтырган сот чечимдерин негизсиз жана бул чечимдерде көрсөтүлгөн жүйөлөргө өлчөмдөш эмес катары баалайт.
Ар бир адамдын тынч чогулуш эркиндик укугун чектөө — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык даректүү, негиздүү, айкын (конкреттүү) тынч чогулушка, уюштуруучуга, чыныгы коркунучка карата кабыл алынышы керек жана коопсуздукту камсыздоо максаттарга өлчөмдөш болууга милдеттүү.
Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн чечими, аны күчүндө калтырган сот чечимдери, жалпы жарандардын тынч чогулуштарга эркиндик укугун чектөө — жогоруда белгиленген эл аралык милдеттенмелерге, Баш мыйзамга карама-каршы келет. Эл аралык коомчулуктун алдында Кыргызстан адам укугун, эркиндиктерин чектеген мамлекет катары баалоого түрткү болот.
Бүгүнкү күнү элибиз менен бирге Аксы окуясынын 20 жылдыгын эскерүү менен, ал каргашалуу окуянын тарыхый сабагын эстен чыгарбоого чакырам. Аксы окуясы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында демократияны коргоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн күнү катары киргендиги бардыгыбызга анык. Ошондуктан жарандардын тынч чогулуштарга эркиндик укугун сот же башка мамлекеттик органдар негизсиз чектесе, анын кесепети кандай болушу мүмкүн экенин Аксы окуясы көрсөткөнүн баса белгилегим келет.

Соттун чечими…

Буга чейин укук коргоочулар, айрым жарандык активисттер Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Киевди колдогон бир топ акцияларды өткөргөн. Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу чечимин чыгарган. Ошондой эле, «Ала-Тоо» аянтында, Жогорку Кеңештин, президенттик администрациянын имаратынын алдында акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салып, Максим Горький атындагы скверде уюштурса боло тургандыгын билдирген.

Эки Владимирдин тиреши бу жердеги ШИЛТЕМЕде.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.