Эртең Бишкектин айрым жеринде жол жабылат. Эл чогулган жер милициянын катуу көзөмөлүндө болот!

Эртең Бишкектин айрым жеринде жол жабылат. Эл чогулган жер милициянын катуу көзөмөлүндө болот!

Эртең, 21-март — Нооруз майрамы. Бишкек шаарынын милициясынын маалыматына караганда, майрам учурунда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» жана Эски аянттын айланасындагы көчөлөр убактылуу жабылат. Таңкы саат 5тен 22-марттагы саат 1ге чейин Чүй проспекти, Абдымомунов көчөсү, Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабык болот.
Бишкек шаардык милициясынын күзөт-кайгуул кызматы бүгүнтөн (20-марттан) баштап, эки күн күчөтүлгөн режимде иштейт. 6 миңден ашуун милиция кызматкерлери иштеп, мамлекеттик мекемелер кайтарууга алынып, эл чогулган жерлер көзөмөлдө болуп, рейддер күчөтүлөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.