АБА ЫРАЙЫ: Бүгүн кайсы жерде жамгыр жаайт?

АБА ЫРАЙЫ: Бүгүн кайсы жерде жамгыр жаайт?

Бүгүн, 21-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда түнкүсүн жамыгыр, тоо этектеринде кар жаашы ыктымал. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жана Бишкекте (түнү жамгыр себелейт) күндүз жаан-чачын болбойт.  

Тоолуу райондордо жаан карга айланат. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.