Аида Салянова кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, Өндүрүш Токтонасыровду баса белгиледи. Эмнеге? (ВИДЕО)

Аида Салянова кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, Өндүрүш Токтонасыровду баса белгиледи. Эмнеге? (ВИДЕО)
Мурдагы башкы прокурор, мурдагы ЖК депутаты Аида Салянова кыргыз элин Нооруз майрамы куттуктап, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду баса белгиледи. Себебин төмөндөн окуй аласыздар:
Нооруз жакшы тилектердин майрамы! Бул майрамдын символу жаңылануу. Кылымдарды карыткан улуу майрам менен Жаратканым ар бир үйгө ийгиликтерди, жаңы ой-максаттардын аткарылышын алып келсин! Дыйкандардын түшүмдөрү мол болсун! Ардактуу мекендештер, майрамыбыз кут болсун!
Ушул эле жерден Нооруз майрамы менен Өндүрүш Токтонасыров агайды куттуктагым келди.
Биздин жашообуз Сиздей инсандардын мээнети менен алда канча коопсуз, алда канча көрктүү. Тарых өчпөйт. Кыргызстандын жаңы тарыхында алтын тамгалар менен жазыла турганыңыз шексиз. Боорукерсиз, айкөлсүз, калыссыз. Кайдыгер, мерес болуп калган заманыбызга белексиз. Сизди көргөн сайын улутубуздун баатыры арабызда экенине шүгүр кылам. Майрамыңыз менен, Өндүрүш агай!

Өндүрүш ТОКТОНАСЫРОВ: «Мен кыргызча жооп берем»

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун иши азыр сотто, эртең, 22-мартта кезектеги сот отуруму болот. Аны 17-мартта эртең менен милиция кармап кеткен. Дал ошол күнү ал Динара Ошурахунова, Азиза Абдырасулова, айрым жарандык активисттер, укук коргоочулар менен чогуу Украинадагы согушка каршылык билдирип, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыккан. Аларга «Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө» жана «Майда бейбаштык» беренеси боюнча айып коюлуп, райондук сотко суракка жеткирилген. Териштирүүдө Өндүрүш Токтонасыров «мен кыргызча жооп берем» десе, суракка алгандар сурак алуудан баш тартышканы маалым болгон. Ал бул ВИДЕОдо

Совет доорунда өксүй түшкөн майрамыбыз да, өз тилибиз да жанданып…

Мамлекеттик тил мыйзамынын иштеп жатканына 33 жыл болду. 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы ыйгарылган. Коңшу мамлекет Казакстандан мамлекеттик тил макамын озунуп алдык, бирок, алардан артта калдык. Бул ачуу чындык. Бизде дагы деле эне тилибиз өнүгө элек. Мына, көрдүңүздөр, дагы деле орус тилине басым көп жасалат. Мамлекеттик иш кагаздары, жыйналыш, маалымат жыйындары, пресс-релиздер басымдуу орус тилинде. Мамлекет башчыбыз баш болуп, мекемелердин жетекчилери төш болуп даталуу күндө эле эне тилибизге күйүмүш болуп катуу сүйлөйбүз. Бирок, иш жүзүндө жылыш жок… Кайран гана кысымда калган кыргыз тилибиз, багыӊ ачылар бекен!..

Нооруз — күн менен түн теңелген көктөм майрамы. Жаратылыштын жаңылануусун жана табияттын жандануусун жар салган майрам. Ушул касиеттүү күндү алмустактан бери ата-бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген деп өзгөчө кастарлап, ыйык тутуп майрамдап келген. Улуу муундун үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам.  Бирок, бул майрам Совет доорунда өксүй түшкөн. 1986-жылы кайра куруу учурунда кайрадан жанданып, 1991-жылдын 1-февралында Жогорку Кеңеште кабыл алынып, андагы президент Аскар Акаевдин чечими менен расмий түрдө майрамдалып калган. 32 жылдан бери ар бир аймакта майрамдалып келет. Майрамыңыздар менен, туугандар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.