Кумшекер жана өсүмдүк майы кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотулду

Кумшекер жана өсүмдүк майы кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотулду

Кыргызстанда кумшекерди жана өсүмдүк майын өлкөгө алып кирүү кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында айтылганын кечээ, 23-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, “Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, 1-апрелден 31-декабрга чейин Кыргызстанга импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленди”.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден кийин дээрлик эки жылдан бери 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллардын куну кескин жогорулап, сомго карата курсу 20 сомго кымбаттаган. Ошонун кесепетинен базарда негизги азык-түлүктүн баасы да жогорулады.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.