Туйгунаалы Абдраимов эки айга камалды. Соттун мындай чечимине адвокаты макул эмес…

Туйгунаалы Абдраимов эки айга камалды. Соттун мындай чечимине адвокаты макул эмес…

Бүгүн, 2-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы төрагасы, Чүй облусундагы Өкмөттүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун баш коргоо чарасы каралып, эки айга камалды. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» айыбы коюлуп, 30-июнга чейин абакта калтыруу чечими чыккан. Соттун мындай чечимине алар макул эмес, жогорку инстанцияга даттанышат.

УКМКнын айтымында…

Буга чейин УКМК  «Кайнар» ишканасы тууралуу билдирүү тараткан. Анда Кант шаардык мэриясы 2015-жылдан бери тиричилик таштандыларын жок кылуу үчүн ай сайын 250 миң сомдон “Кайнарга” төлөп турган. Бул факты боюнча 30-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголуп, ага шектүү Туйгунаалы Абдраимов кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Туйгунаалы Абдраимов 2011-2016-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясын башкарган. 2007-2010-жылдары Саламаттык сактоо министрлигин жетектеген. 2018-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалып, ал жерде бир жылга жакын иштеген. Кесиби боюнча дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.