ӨКМ: «Алай району боюнча 287 турак үйдү сел каптаган…»

ӨКМ: «Алай району боюнча 287 турак үйдү сел каптаган…»
Сузак районунунда катталган өзгөчө кырдаалды жоюуга кечиктирилгис штабдык жыйын орун алып, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ыкчам чараларды кабыл алды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, министр селдин кесепеттерин ыкчам жоюуга ӨКМдин Жалал-Абад облустагы башкармалыгынын башчысына кошумча күч жана каражаттарды тартууга, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө калктуу конушта жашаган жарандардын турак жайларын камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын койду.
Эске сала кетсек, кечээ 4-майдагы нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл өкмөтүндөгү 606 турак үйдү, 10 социалдык объектини сел каптаган. Жарандык коргонуу кызматынан 260 жаран, өздүк курамдан 135 куткаруучу тартылып, сел каптаган турак үйлөрдө чогулган сел сууларын мотопомпанын жардамы менен тазалоодо. ӨКМден 12 бирдик техника, Жарандык коргонуу кызматынан 30 техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалды. Учурда ыкчам штаб түзүлүп, кырдаалды жөнгө салуу жумуштары жүрүүдө.
Алай району боюнча жалпы жонунан 287 турак үйдү сел каптап, Тогуз-Булак айылындагы кѳпүрѳ жараксыз абалга келген. Район боюнча жалпысынан Жарандык коргонуу кызматтары, Коргоо министрлигинин кызматкерлери жана ƟКМ кызматкерлерин кошкондо 14 техника жана 191 кызматкер иш алып барууда.
ӨКМнин басма сѳз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.