«Манасты Гиннестин китебине чейин төмөндөткөн Дөөлөт Сыдыков болду» дейт Байсалов. Сизчи?..

«Манасты Гиннестин китебине чейин төмөндөткөн Дөөлөт Сыдыков болду» дейт Байсалов. Сизчи?..
Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу бүгүн, 5-майда белгилүү болду. Жакындарынын соцтармактарга жазганына караганда, ага кысым болуп, чет жакка чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Мындай маалыматты өзү да «Азаттык» радиосуна тастыктаган, бирок, ким тараптан болгонун ачык айткан эмес. 
Ушул эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов манасчынын айткандарын четке какты. Ал Дөөлөт Сыдыков тууралуу пикирин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.

Эдил БАЙСАЛОВ: «Дөөлөт Сыдыковдун максаты хайп тура»

Манас эпосунун 1000 жылдыгын дүйнөгө даңаза кылып өткөргөнүбүз менен улуу касиеттин алып жүрүүчү болгон манасчыларыбызга, төкмө акындарыбызга, дастанчыларыбызга кош көңүл мамиле жасалып, мамлекет тарабынан эч кандай көңүл бөлүнбөй келген экен. Президент Садыр Жапаров тарыхтын бул аласын, катасын оңдоп, бул өнөрдүн ээлерине өзгөчө көңүл бөлө баштады.
Алгач мамлекеттик Манас театры негизделип, андан соң ага улуттук статус берилди. Өлкө жетекчилиги улуу өнөрдүн ээлери татыктуу айлык акы алып, турмуш шартынан кыйналбасын деп айлык акыны дагы татыктуу коюп берди. Ушул күндөрү манасчылар, төкмө акындар, дастанчыларыбыз эч кимдин көзүн карабаган, мамлекеттик камкордугундагы өнөр ээлерине айланды.
“Манас эпосу – кыргыз элинин рухий дүйнөсүнүн туу чокусу”, — деп Чыңгыз Төрөкулович айткандай, бул өнөр жылоологон таланттарга мамлекет камкордугун мындан ары дагы улантат.
Эми көңүл жылытарлык иштер жасалып жатканда, көңүлдү иренжиткен дагы адамдардын чыгары турган иш экен. Андай окуянын бири Манасты Гиннестин китебине чейин төмөндөткөн Дөөлөт Сыдыков болду.
Дөөлөт Сыдыков башында мамлекеттин жетекчилигинин планына каршы чыгып, Манас айылынын жерин тартып алып жатат деп чыкканда түшүнбөй калса керек деп көп көңүл бурган жок элем. Эми президент өзү барып, жаңы Манас айылы кандай болорун көргөзүп, жер эч кимге кетпей турганы белгилүү болгон соң, ал иштен дагы күмөн санап, элди удургуткан билдирүүлөрдү жасап жатканын көрүп, максатынын ак экенинен күмөн санай баштадым.
Ырамандын Ырчы уулу, Токтогул, Сагымбай, Саякбай эмне Манастын ишинен күмөн санап, сөзүн калп көрүп, терсаяктанышат беле? Же Балык ооз манасчы Байтиктин айтканын жалган дейт беле?
Дөөлөт Сыдыков Гиннес китепке эң узак Манас айткан манасчы катары кирем деп, өзүн Саякбайдан өйдө көрүп жүргөндөн көрө, алар кандай адам болгонун өздөштүрсө болмок экен.
Кыргыздын тарыхында эч бир манасчы ордуман турбай, тыным албай узак Манас айтам деп Манастын кадырына шек келтирген эмес. Гиннестин китебине кимдер гана кирбейт? Ити да кирет, бити да кирет. Чо-оң заңдадым деп дагы киргендер бар.
Мен Ала-Тоо аянтына туруп алып, 14 саат бою муктаждыгын аткарып дагы койбой, Манас айтканда бул адамдын максаты кандай деп таң калгам. Аны Манас айтуу дебейт, аны өзүн-өзү кыйноо дейт. Көрсө, Дөөлөт Сыдыковдун максаты хайп тура.

14 саат манас айткан Дөөлөт Сыдыков

Белгилей кетсек, буга чейин Дөөлөт Сыдыков Манас айылы маданий-этнографиялык комплексинин жерин белгисиз топ басып алууга аракет кылып жатканын билдирип, бийликке кайрылган. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.
Эске сала кетсек, 2020-жылдын 12-ноябрында, Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков манасчылык өнөрдү Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында эртең мененки саат 9:42де баштап, кечки саат 00:27де жыйынтыктап — 14 саат 27 мүнөт тынбай эс албай, тамактанбай, суу ичпей манас айтып рекорд койгон.
Былтыр Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата Москва шаарында беш күн, беш түн 111 саат манас айтканы тууралуу жубайы Ырыс Окенованын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “«Манасты Гиннестин китебине чейин төмөндөткөн Дөөлөт Сыдыков болду» дейт Байсалов. Сизчи?..

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.