Садыр ЖАПАРОВ: «Дача СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат…» (Телефон номур)

Садыр ЖАПАРОВ: «Дача СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат…» (Телефон номур)
Бишкектин четиндеги «Манас» эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУдагы кырсыгына 16-январда 5 жыл болду. Андагы кандуу кырсыкка азыркыга чейин эч ким жоопко тартыла элек. Табышмактуу, сырдуу жүк кимге таандык экени ачылбай келет. Президент Садыр Жапаров Дача СУ боюнча бүгүн, 8-майда кыргызстандыктарга кайрылды.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Эл койгон негизги талаптардын сап башында «Ош окуясы менен Дача СУ окуясын иликтеп, аягына чыгарып бергиле» деген талап болгон. Ош окуясын иликтөө аяктап калды деп маалымат беришти. Жакында иш сотко кетет экен. Ал эми Дача СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат. «Иликтеген тергөөчүлөр мурда дагы иликтеген, балким көп нерселерди жашырып коюп жатышабы» деген маалымат беришти. Ошондуктан, коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алдым. Жакында тескеме чыгат. Активдүү жарандарыбызды, иликтөөчү журналисттерибизди, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдү дагы чакырабыз. Иликтөөгө мамлекет тараптан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз.
Каалоочулар болсо Администрациянын укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын башчысы менен байланышыңыздар — Мурат Укушов (0312 625026).

Кандуу окуяга 5 жыл болду

Эске сала кетсек, 2017-жылы 16-январда, таңга маал түркиялык «Боинг-747-400» жүк ташуучу учагы Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулап, анда жашаган 39 тургун, 4 учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Андагы маалыматтарга караганда,  “Гонконг–Бишкек-Стамбул багытында бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болуп, ал Бишкекке май куюш үчүн конгон. Ошол жылдын, мартта адвокаттар Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Дача СУ айылына кулаган учактагы жүктүн президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар» деген маалымат тараткан. Атамбаев муну “жалган жалаа, ушак, ал ушакты Текебаев тараткан”,-десе, анын сөзүн эки кылбаган андагы башкы прокурор Индира Жолдубаева “президенттин аброюна шек келтирилди”,-деп адвокаттарды сотко берген.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.