Аскер САКЫБАЕВА: «Адабияттын алпын жакшылап билгиңер келсе, 12-майда жыйынга келгиле!»

Аскер САКЫБАЕВА: «Адабияттын алпын жакшылап билгиңер келсе, 12-майда жыйынга келгиле!»
Белгилүү журналист Аскер Сакыбаева «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды: 
— Адабияттын алпын жакшылап билгиңер келсе, 12-майда жыйынга келгиле! Саат 13:30да КР Улуттук илимдер академиясынын чоң залында «Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы: кечээ жана бүгүн» аттуу жыйын болот. Жыйындын алдында айтылуу жазуучунун сүрөт көргөзмөсү өтөт, андан кийин конференция башталат.
Менин оюмча, жыйында Т. Сыдыкбековго, ошол доордогу бийликке байланыштуу буга чейин айтылбай келген кызыктуу фактылар, окуялар айтылат, баа берилет. 14-майда Түгөлбай Сыдыкбековдун туулгандыгына 110 жыл толот.
Кимдер кызыкса, баарыңар келип бекер эле көрүп, уксаңар болот. Болгону жыйынга убагында келип гана кирүү керек.

Азамат ЖАМАНКУЛОВ: «Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленет»

Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жазуучунун үйүнө барып уулу Сабырбек Сыдыкбековго жолукканда айткан. Анда ал быйыл Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгилене тургандыгын, жазуучунун китептерин санариптештирүү, жеке буюмдарын сактоо үчүн өзү жашаган үйдү музейге айлантууга көмөк көрсөтө тургандыгын билдирген.

“Биздин замандын кишилери”, “Зайыптар”, “Тоо балдары”, “Тоо арасында”, “Көк асаба” романдарынын автору, «Манас» эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга салым кошкон, орус классиктеринин чыгармаларын кыргызчага которгон Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылдын 14-майында Ысык-Көл облусундагы Түп районунда туулган. «Күрөш» аттуу алгачкы китеби 1933-жылы жарык көргөн.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.