Индира КУРАЛБЕКОВА: «12 төкмө акындын сегизи экинчи айлампага өттү. Бүгүн — финал»

Индира КУРАЛБЕКОВА: «12 төкмө акындын сегизи экинчи айлампага өттү. Бүгүн — финал»
Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган иш-чара мамлекеттик деӊгээлде, республикалык масштабда, буйруса, күзүндө өткөрүлмөкчү, ал боюнча Өкмөттүн тийиштүү токтому да бар. Ьирок ага чейинки иш-чаралар жыл башынан бери токтогон жок, болду жана болуп келүүдө.
Мына, кечээ, 15-майда, Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында мааракеге арналган айтыштын биринчи айлампасы болуп өттү. Мындай маалыматты иш-чараны уюштурган (айтымында, уюштуруу комитетинин төрайымы) Индира Куралбекова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Анын маалыматына таянсак, 12 төкмө акындын сегизи экинчи айлампага өткөн. Финалга чыккан акындар: Темирбек Матыбаев, Акматбек Султанов, Сапарбек Зулпуев, Кутман Садыбакасов, Нурсултан Малдыбаев, Абдылда Нуралиев, Чыңгызхан Кожошов, казак акыны Нурлыбек Курманов.
Айтыштын байге фонду бир миллион сомду түзгөн.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.