Таабалды Эгембердиев эмнеге өкүнүп, арманда кылган?… (Архивдеги маеги)

Таабалды Эгембердиев эмнеге өкүнүп, арманда кылган?… (Архивдеги маеги)

Эсен болуп, эстей жүр!

16-май. Улуттук суусундуктарды чыгарып, чет мамлекеттерге тааныткан “Шоро” компаниясын негиздеген, «Супара», «Супара-Чуңкурчак» этнокомплекстерин түптөгөн белгилүү жазуучу, публицист Таабалды Эгембердиев (Бердигул уулу) каза болгон күн. Узак оорудан кийин 64 жашында көз жумуп, сөөгү Беш-Күңгөй айылынын көрүстөнүнө коюлган. 

Таабалды агабыз адабият, маданият, спорт тармактарына үзгүлтүксүз демөөрчүлүк көрсөткөн, Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошкон мыкты инсан болчу. Базар экономика шартында жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн “Даңк” медалы менен 1996-жылы сыйланган. 

«Бишкек таймс» гезитинде «Экөө» аттуу рубрика бар эле, ошого Таабалды агабызды чыгарганбыз. Учурда ишин улантып жаткан мыкты жубайы Жаӊылсынзат Тургамбаева тууралуу айтып берди эле…

АРХИВден…

— Таабалды Бердигулович, «Эмгек — ар кандай дарттын дабасы. Эмгектен өткөн ырыс жок» деген Н.Островскийдин жакшы сөзү бар эмеспи. Анынсыӊарындай, эмгектен ырыс таптыӊыз. Ошентсе да бизнестин көзүн табуу кыйындыкка турары бышык…

— Ооба, бизнестин көзүн табуу кыйын. Ал үчүн билим керек, китепти көп окуу керек. Жаш кезде кыргыз адабиятын калтырбай окугам. Ал эми орус жана дүйнөлүк адабияттарын 28 жашка чыккандан кийин окуй баштадым. (Күлүп) «Окуу, окуу жана окуу» деген девиз менен чоӊойгон балабыз да. Китепти 3-4 күн-түн, кирпик какпай окучумун. Түнкүсүн байкап калган апам: «Уулум, аз уктап, көп окуй турган болдуӊ. Мындан эмне пайда? Андан көрө бир жакшы иш тапсаӊ боло…» деп мага боору ооруп калаар эле. «Апа, сиз азырынча көп нерсени түшүнбөй жатасыз. Кудай буйруса, келечекте кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал адам болом…» десем ишенбей кабатыр болчу… Анда мен 30 жашта элем. «Пенденин оозундагы сөз Кудайдын кулагында» дегендей, оозума сала бергендей, кыркка чыкканда кыргыз элиме бир паста таанымал публицист болуп чыга келдим. Өз алдымча билим алуу жана алдыга койгон максатка умтулуу менен ушундай даражага жеттим десем жаӊылышпайм. Анын үстүнө атамдын тилегин аткардым. Атам: «Эл керегине жараган жигиттердин болсоӊор экен»,- деп  айтаар эле…

— «Байлык мурас эмес, жокчулук уят эмес» дегендей, сиздерде да жокчулук болду беле?

— Албетте, бала кезде болгон. Тоодо атам колхоздун жылкысын багып, жалгыз үй турчубуз. Мен жетиге чыкканда бутума кийерге кийим табылбай, айласы кеткенде апамдын 36-размер керзовый өтүгүн кийгизип, мектепке октябрь айынын орто ченинде жөнөтүшкөн. Жеткен эрке талтаӊ мен болчумун. Ошондуктан мен окубайм деп чыктым. «Анда чоӊ апан экөөӊ окуп келгиле» деп, бизди бир Жайчыбек деген тууганымдыкына, Кызылойго жеткиришти. «Жайчыке да, аялы Уулбек да жакшы кишилер, Табыкеме жакшы карайт» деп атам-энем кобурап жатканын уккам. Ошентип апам экөөбүз беш бөлмөдөн турган 8 жылдык мектепке барып, арткы партадан орун алып окуп келдик. Эртеси апам: «Балам, элдин апасы барбайт экен, эми өзүӊ эле барып кел» деп алдап жөнөттү. Окуудан келсем апам жок… Ары издейм, бери издейм, тултуюп. Түн кирип тамакка чогулганда Уулбек жеӊем: «Табыке, апаӊ кетип калды» дегенде, мен чалкаман кетип эсим оогуча өкүрүп ыйлап жатып уктап калыпмын… Менин балалыгым ошол күнү аяктап өз алдымча жашоом башталды десем да болот. Себеби бөтөн малга окшоп үйдөн да, мектептен да таяк жей баштадым. Болушаар атам жок. Күндө эмчегин эмизип уктаткан чоӊ апам да жок…

Эми, биз ошол убактагы көпчүлүк эл катары эле жокчулукта чоӊоюп өстүк. Дүкөн кийимин деле кыйратып кийген жокпуз. Апам эле тигип бере салчу. Атамдын бизди багайын деп аракет кылып кыйналганын сезип мен да кыйналчумун. Атама аябай ыраазы болчумун. Ал эрте өлөөрүн сезгенби, мени беш жашыман тарта кай жакка барбасын, эмне жумуш кылбасын, кышы-жайы дебей, жанына алып жүрчү. Ата-бабанын тарыхын айтып, жайлоо-кыштоосун көргөзөөр эле. Он эки жашымда атам каза болду. Бизге, балдарына байлык калтыра алган жок, бирок, байлыктан да маанилүү тарбия калтырып кеткенин кийин түшүндүм. Атам беш маал намазын окучу, куран китеби колунан түшчү эмес, арапча, орусча жаза билчү. Ээрин, комузун өзү чапчу. Комузду жакшы чертчү. Кыскасы, өз заманынын интеллигенти болчу…

— Сиз комуз черте аласызбы?

— Жок, мен черте албайм, иним Жумадыл жакшы чертет. Жазуучу жагым апаман жугуп калса керек. Себеби апам жамакчы, кошокчу, колунан көөрү төгүлгөн уз адам. Апам атаман 32 жашында калып, жалгыз өзү бизди бутубузга тургузду. Азыр жакшылыгыбызды көрүп, үйдүн куту болуп, төрүбүздө отурат… Атам «Табыкемдин башы чоӊ, кийин буйруса чоӊ болот. Жумадыл мунун ат токуру болот» деп калаар эле. Так ошондой болду. Ишти иним бүтүрөт, даӊкын мен көтөрүп жүрөм. Ал эми «Шоронун» ишин жүргүзгөн ошол иним Жумадыл.

— Канча бир туугансыз?

— Үч бир тууганбыз. Иним Жумадыл, карындашым Анар.

— Кечиресиз, биз сизди атаӊыздын экинчи никесинен деп укканбыз. Мурунку никесинен бир тууганыӊыз барбы?

— Аны кайдан уктуӊар эле..? Атам биринчи аялы экөө бир кыздуу болуп, эркек баласы жок экен. Анан чоӊ апам өзүнүн эле аталаш жакын сиӊдиси Сүйүндү күчкө салып эле атама алып бериптир. Сүйүн апаман үч бир тууган барбыз. Атам артында эркек бала калганына каниет болуп көз жумду деп ойлойм.

Атам өлгөндө, жокчулуктун айынан эстелик тургуза алган жокпуз. Бирок ыраматылык атамдын мүрзөсүндө миӊ эстеликке алмашпас бир эстелик сайылып турат. Ал атам экөөбүз чөмөлөй тарткан жыгач сойлок. Ал сойлок, атам экөөбүздүн кайгы-капабызга да, кубанычыбызга да күбө болгон. Атамдын колунун тери сиӊген. Атам экөөбүз үчүн ыйык сойлок. Мен азыр атама алтындан эстелик курам десем да колуман келет, бирок, салгым келбейт. Себеби атамдын эӊсеген эстелиги иним экөөбүз элге пайдабыз тийип жүргөнүн билсе атамдын арбагы жыгач сойлогу менен кобурашып, төбөсү көккө жете ыраазы болуп жатса керек. Атамды мен күндө, мүнөт сайын эстейм…

 

— Сиз бай болсоӊуз да, өтө жөнөкөйсүз. Ошентсе да эл оозунда элек жок эмеспи. «Жөнөкөй болгону менен жарлары көп» деген ушак-айыӊ эл арасында тарап жүрөт. Чын-төгүнүн өз оозуӊуздан уксак…

— Албетте, «токолу бар экен» деген сөздөрдү угуп жүрөм. Мунун баары ушак. Менин бир эле сүйүктүү жарым бар. Ал — Жаӊыл. Мындай ушак-айыӊ биринчи никемен чыккан болуш керек. Албетте, ал никемен эки кыз, эки уул бар. Энеси менен ажырашсам да, балдарымдан кол үзгөн жокмун. Алардын бүт оокаты менин мойнумда, колдон келишинче жардам берип келатам. Кийин байлыгымдын баарын балдарыма тепетеӊ бөлүп берем. Бир күйөө бала, бир келиним бар. Алардын тоюнда барып турганым эле болбосо, апасына барган жолумду ажырашар менен унуткам. Турмуш деген кыйын экен. Мүнөзүбүз келишпей, көӊүл калышкандыктан, экөөбүз эки бөлүнүүгө туура келди. Бирок мен өкүнбөйм, себеби экөөбүздүн көз карашыбз эки башка болчу. Ал эми жашоо бирөө эле, аны кыйналбай жашаш керек экен…

— Кайталап турмуш курганыӊызды кандай кабыл алышты эле?

— Албетте, алгач кээ бирөөсү каршы болуп, көпкө чейин таарынып жүрдү. Кийин туура түшүнүп, кечирим сурашты.

— Алган жарыӊыз менен мамилелери кандай?

— Ушул маселе менин да жүрөгүмдү өйүгөн эле. Жарым жакшы чыгып калып, мамилелери жарашып эле калды. Жаӊыл мага караганда, аларды көп ойлоп, ар бир нерсесине көӊүл буруп, тынчсызданып турат. Мен ошого кубанам. Жаш болгону менен турмушту тереӊ түшүнөт. Менин никем бактылуу болду. Алтындай Айдар деген уул, Айдана деген кыз таптым. Төрт жаштагы кичүү кызым Айдананы саат санап сагынып турам. Жумуштан кийин эч жакка бурулбай, түз үйгө жөнөйм. Кызым да атакелеп тосуп алат…

— Жарыӊыз менен 1990-жылы пикетке чыгып, ачкачылык жарыялап жүргөн тополоӊдо таанышкандыгыӊызды укканыбыз бар…

— Экөөбүз теӊ демократ болуп жүргөндө Ак үйдүн алдынан таанышып калганыбыз ырас. Анда Жаӊыл студент эле. Ошончо кыздан Жаӊылга көзүм түшүп, сезим козголгону чынык. Бирок үйлөнөм деген эч ойдо жок болчу. Төрт жылдан кийин кайра жолугушуп калдык, анда менин башым бошоп калган учур эле. Нике кайып болсо айла жок экен, акыры баш коштук.

— Жаш кызды көндүрүү сизге кыйындыкка турса керек?..

— Албетте. Алгач менин сезимимди четке кагып, «картаӊсыз» деп так секирип качып жүрдү. «Ким картаӊ, ким жаш экенин билиш оӊой эле» десем, «кантип?» дейт. «Жарышалы» дедим. Ал спортивный формачан болчу. Менин туфлимди, анан курсагымды бир карап туруп утуп аларына ишенди окшойт, макул болду. Кийин уксам ал мектептин күлүгү экен. Бирок менден калып калды. Ишенбей, дагы жарыштык, ал дагы калып калды. Ага ыза болуп, көпкө чейин чычалап жүрдү. Мелдешибиз эгер мен утсам ал мага макулдугун бермек… Ушундай жол менен аны көндүрүп алгам. Анан экөөбүз беш жыл сүйлөшүп жүрдүк. Анын жигиттери жетишерлик эле болчу. Башы мага каршы болсо да, жүрөгү мага ооду окшойт, акыры макул болду. Анын үстүнө мүнөзүбүздүн көп жагы топ келип калды. Эмнени айтсам, бардык сунушумду колдоп турат. Алган жарын жарашса эле максатыӊа жете берет экенсиӊ. Эӊ башкысы апама, анан балдарыма мамилеси жакшы. Балдарым да Жаӊылды «эже» деп сыйлашат. Бири-бирин сыйлагандары мага күч-кубат берип турат.

— Ашканага кандай?

— Эӊ жакшы. Тамактын түр-түрүн жасайт. Ошондон улам, кайда барбайын, ресторандан келсем да Жаӊылдын тамагын ичмейин ыраазы болбойм. Чынында мен эт жеген адаммын. Жаӊы үйлөнгөндө жасаган тамактарын ичип жүрдүм. Кийин этсиз жашай албаганымды жашырган жокмун. Азыр мага эт эле бышырып берет, өздөрү болсо каалаган тамагын жасап жешет.

— Жубайыӊызга мүнөздөмө бере кетсеӊиз?

— Эӊ жакшы жери ичинде кири жок, калыс адам. Үйдү да, өз боюн да өтө таза кармайт. Мени да тазалыкка, ирээттүүлүккө үйрөтө албай эси ооп жүрөт. Эртеӊ менен зымпыйып эле жумушка жөнөтөт, кечинде мен ботала болуп кайра жетип келем. Мурун таарынчу, эми көнүп калды. Кемчили да жок эмес. Кээде болоор-болбос нерсеге тултуӊдап таарынып калмайы бар. Мен ага мурда капа болчумун. Эми мен да көнүп калдым. Унчукпай жүрө берсем, ашып кетсе бир күн өтүп жазылып кетет. Ток этер жерин айтсам, үйдө мен эч нерсе менен ишим жок, конок келген кишидей жүрөм. Эч нерсе кылбайм. Бүт үй-бүлөлүк маселелерди өзү бүтүрөт. Майда-чүйдө конокко да өзү эле барып келип, мени көп жерден бошотконуна ыраазымын.

— Сакалыӊызды жалкоолуктан өстүрүп алган дешет. Ошо чынбы?

— Чын. 1990-жылы өстүргөм, ошо бойдон келатат. Бир жумада бир тегиздеп коем. Мен муну кооздук үчүн эмес, убакыттын тардыгына байланыштуу койгом.

— 1990-жылы КДКда, анан «Менин өлкөм» партиясында мүчө болгонуӊузду билебиз. Азыр кайсы партияда мүчөсүз?

Эч бир партияда мүчө эмесмин. Себеби саясаттан көӊүлүм калды. Анын үстүнө бизнес менен саясатты чогуу алып жүрүү оор экен.

— Биз сизди публицист катары жакшы билебиз. Убагында калемиӊизди таштап койгонуӊуз менен, азыр жандандырып, китеп жазып жатат деп уктук. Китебиӊизди бүттүӊүзбү?

Мен жөнүндө маалыматты жакшы билгениӊизге таӊгалып олтурам. Жогоруда айтып өтпөдүмбү, жокчулук-барчылыкты көргөм деп. Ошо башыман өткөн окуяларды баяндап жазайын деп жүргөнүм чын, бирок, баштай албай жүрөм. Өзүӊүз айкандай, жалкоомун. Сааты келген күнү баштайт болушум керек.

— Калемиӊизди таштап бизнеске өтүп кеткениӊизге өкүнбөйсүзбү?

— Чынында өкүнөм, алигүнчө армандамын. Жаш убакта канчалаган жакшы чыгарма жаралат. Жаш өткөн сайын жазалбай калат экенсиӊ.

— Негизи өзүбүздүн кесибиӊиз кайсы?

— Мурунку политехникалык институтун, азыркы КГУСТАны бүткөм. Кесибим — курулушчу-инженер. Өз кесибимди аркалабасам да, үйүмдү өз колум менен салайын деп жүрөм. Буйурса эмдиги жылы баштайм…

— Сиздин жериӊизди ар ким ар кандай айтып жүрүшөт, бири «суусамырдык» десе, бири «атбашылык» дейт…

— Негизи мен Суусамырдын Кызылой деген кыштагынан болом. Кийин атам кулакка тартылып, Бухарага келген экен. Анан ошол Калинин районундагы Бухара айылында төрөлүп калыпмын. Кийин алты жашка чыкканда Кызылойго көчүп кетиппиз. 8-класска чейин ошол айылдын мектебинен билим алып, 9-10-калассты Суусамырдагы интернаттан бүтүрдүм.

— Кайсы жердин күйөө баласысыз?

— Нарын шаарынын күйөө баласымын. Жети бажам бар, мен бешинчисимин. Кайнатам Турдакунду көрүп калдым, Нарынга белгилүү ченемсиз жакшы адам болчу. Ал киши мага каршы болгон жок, ал эми кайненем чычалап барып, акыры макулдугун берген. Негизи мен өзүмдү күйөө баладай деле сезчү эмесмин, азыр деле сезбейм. Себеби, баарын өз бир тууганымдай көрөм.

— Үйлөнүү-үлпөтүӊөрдү кымбат ресторанда өткөрсөӊөр керек?

— Жок, мен шаан-шөөкөттү жаман көрөм. Жаӊылды кыргызча эле ата-энесинин колунан алдым. Үйлөнүү тоюбуз ошол болду окшойт. Бишкектен нике кыйганда гана үч досумду, бир туугандарымды күбө катары чакырдым. Мен той-топурду көп жактырбаган кишимин. Муну түшүнбөгөндөр «көөп кетиптир, саламдашпай калыптыр» деген сөздөрдү айтышат. Негизи мен бала кезимен эле жаман көрчүмүн. Туулган күндү да белгилегим келбейт. 50 жашымды деле билгилеген жокмун. Куттуктап келгендер менен үйдөн олтуруп коебуз. Балдарыма да топуратып той берген жокун. Жакын туугандрым менен эле ырымдап коебуз.

— Жубайыӊыз кайда иштейт?

— Аялдын биринчи милдети — баланы тарбиялоо. Ошон үчүн азыр үйдө олтурат. Көбүнчө мага жардам берет.

— Жашыруун болбосо жарыӊыз сизден канча жаш кичүү жана сизди сиз дейби?

— (Күлүп) Аз эле. 19 жаш эле кичүү. «Сиз» дейт, атүгүл атымдан да атай алчу эмес, атаганына аз эле болду.

— Ичимдикке кандайсыз?

— Такыр ичпейм. «Шоро» менен «Легенда» суусундугун гана ичем.

— Эмнеге кызыгасыз?

— Жаратылышка сейилдеп чыгып, балык уулоого жана үйдөн китепти көп окуганга кызыгам.

— Эмнеге кейийсиз?

— Кыргызстандын туӊгуюкка келип кептелип калганына кейийм. Мекенимдин мүӊгүрөп турганына жүрөгүм ооруйт.

— Досторуӊуз ким?

— Досторум көп эле, бирок он кишиге татырлык, ажырагыс бир эле досум бар,  Өмүрбек Абдырахманов деген. Экөөбүз саясатты талашып күндө мушташканга чейин барабыз. Эч нерсе болбогондой, эртеси күлүп жолуксак эле көргөн эл эси оой берет. Чынын айтсам «жиндилик» экөөбүздө теӊ болсо керек. Анткени экөөбүз теӊ өзүбүздү акылдуу сезебиз. Бирок, мен кез-кезде күнөөмдү мойнуна алам. Ал эми Өмүкем такыр мойнуна албайт. Себеби бою узун ишинин акылы кыскараак болот окшойт…

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

«Бишкек таймс» гезити, 2005-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.