«Жанымды кыйнайм неге? Жанчылып ыйлайм неге?» Айзада Абазованын ырлары жана курдашынын эскерүүсү…

«Жанымды кыйнайм неге? Жанчылып ыйлайм неге?» Айзада Абазованын ырлары жана курдашынын эскерүүсү…

Эсен болуп, эстей жүр!

«Кыргыз Руху» гезитинин редактору болгон журналист, кесиптешибиз Айзада Абазова эжебизден 2013-жылдын 2-январында ажыраганбыз. Туулган жери Токтогулга сапар тартып баратканда жол кырсыгынан көз жумганын угуп жаман абалда калганбыз… Андан бери 9 жыл өтүптүр… Көзү тирүү болгондо быйыл 15-февралда 49 жашка чыкмак…

Бүгүн (30-майда) жакын курдашы Жылдызча айымдын эскерүүсү менен кошо Айзада эженин айрым ырлары  «Кыргыз маданият борбору» сайтына жарыяланды. Аталган сайттын жетекчиси, акын, мугалим Рахат Аманова эжебиз менен Жылдызча айымдын уруксаты менен андагы эскерүүнү сайтыбызга жарыялап турубуз…

Жылдызча: «ЭСКЕРҮҮ-ЭСТӨӨ ҮЧҮН КАЛГАНДАЙБЫЗ…»

Тал чыбыктай эле турпаты. Ичке, ийилчээк, жеңил, бир жакшына. Көздөрүнөн кашкайган, таза суунун тамчыларын көрчүмүн. Бир да кара чекит жок, жүзү тунук эле. Өзүнө байкатпастан, ички дүйнөсүнүн тунуктугу — сырткы жүзүнө айкалышып турганына таң кала карап калчумун.

Жолукканда көпкө сүйлөшүп олтурчубуз. Жанынан оюм, боюм түзөлүп узачу элем.

Жан дүйнөм катуу ооруганда да, айланчыктап барып калчумун. Ооруп турган жеримди аярлап, сылап-сыйпап, айыктырып жөнөтчү…

Жылдызча: «Жолукканда көпкө сүйлөшүп олтурчубуз. Жанынан оюм, боюм түзөлүп узачу элем»

Айлана-тегерегине чачыраган мээримдүүлүгүн — эч ким аралап басууга даай албаган, гүл каптаган мейкин талаага окшоштурчумун.

Улууларды, ар кандай таланттарды ар дайым ызаат кыла сыйлап олтурса, шагы ылдый төгүлүп өсүп турган мажүрүм тал көз алдыма тартыла калчу.

Көрүшпөй калсак, каттарды жазчу. Менден жооп күтүп — күн санабай, эсептешпей эле жамгырдай төгүлүп жакшына каттардын үстүнө, каттарды жазчу.

Ачууланганын эч көрбөптүрмүн. Таарынганын гана көргөм…

Сүйүү жөнүндө сүйлөшпөптүрбүз.
Сүйкүмдүү жан эмес беле!?!

Кубандырып, сезимтал-сергектигин да бир ооз өзүнө айтып койгонго жарабаптырмын.

Чар тарабымдагы кооздукту, назиктикти, тазалыкты, тунуктукту, сулуулукту көрсөм эле, Айзадага окшоштура берчү болуп калгам.
— Айзададай экен…

Өнөр, акыл ээлерине суктанчу. Көпчүлүгүнүн өмүр баянын, тагдырын кеп салып олтурганды сүйчү. Эл оозуна алынган акындар, жазуучулар саясий лидерлер, даанышмандар жөнүндө көп билчү.
Футбол оюнун кызыгып көргөнүн, футболдук терминдер менен түшүндүрүп айтып берсе муюп угуп олтура берчүмүн.

Жазуучу Кубатбек Жусубалиев, өмүрлүк жары Клара Юсупжанова жөнүндө, алардын чыгармачылыгы тууралуу урматтоо менен кеп кылганды жакшы көрчү.
— Сени Клара эжеге окшоштура берем… — деди бир жолу.
— Эмне үчүн, мүнөзүбүзбү, өң-келбетибиз окшошпу? — деп сурап калбаптырмын.

Мендей курбу-курдаштары көп эле. Айнура Аскарова деген курбусун таанычумун. Абдан жакшы көрчү. Кийин, Айнура экөөбүз бир жерде жолугуп калдык, Айзаданы эскерүү бизге кыйын болду…

Айзада экөөбүздөй боло турган курбу-курдаштык издеп жүрөм…
Айзада экөөбүздөй курбу-курдаш болуу үчүн мени да издеп келишти.
— Айзададай болсо керек!.. — дейм, өздөрү издеп келгендерге ишеним артып. — Сатпас! Арамдык кылбас! Өзгөрбөс! Аңдыбас! Эсептешпес! Атаандашпас! Кылтыйбас! Мурчуйбас!..

Бүткөн бою: жалтыр-жултурсуз, жасалмасыз, боёксуз эле.

Талант эле, көп кырдуу…
Талантын толук таптаганга аз өмүрү жетпей кетти.
Чачылып, чачырап кетти жан курбум…

Акылдын, аруу кыялдардын, эргүүлөрдүн кенчине бай анан баарына бирдей боорун төшөгөн боорукер эле!

Жылдызча: «2013-жылы, 2-январда… Жол кырсыгынан Айзадабыздан ажыраптырбыз, 39 гана жашта болчу…»

Ошондогу. Суугу катуу кыштын бир күнү, мага таштай катуу так салып, акыл-эсимди аңтарып таштаган. 2013-жылы, 2-январда… Жол кырсыгынан Айзадабыздан ажыраптырбыз, 39 гана жашта болчу…
2012-жылы, 2-январда… Үйүмдө, Айзада бала-чакасы менен эле жаркырап олтурбады беле!?!

Жан дили менен берилип сыйлаган жакшына бир замандашымды жанымдан жоготуп алуу мага өтө оор болгон. Баса албай, тура албай жатып калгам, ал кезде…

Айзада, Айзада, Айзада…
Акыл топтоп, токтолуп калган кезибизде экөөбүз таанышып, курбу-курдаш болгонбуз.

Ак пейилге оронуп-чулгангым келгенде, Айзаданы эстейм. Сагынам. Үшкүрүк менен аяктайм…

Айзада достуктун өзгөчө туусун колума карматып кеткендиктен, өзүнүн элеси менен кошо бийик көтөрүп алып жүрөм жана өзүндөй асыл бир жанга гана карматкым келет…
***
Жакшылар кете бергени үчүн…
Эскерүү-эстөө үчүн калгандайбыз…

29-май, 2002-жыл. Кипр

Айзада АБАЗОВА: «Каякка барам? — Билбейм…»

Эшикте калгым келбейт:
— Эшикте элиргендер, эсепсиз каткырышкан.
Үйгө да баргым келбейт:
— Үйүмдү уу жыландар жай кылышкан.

Каякка барам? — Билбейм.
Каяктан табам? — Билбейм.
Эмнени издейм? — Билбейм.
Эмнени түздөйм? — Билбейм.

Билемин, «билбеймимди».
Эч нерсе билбейм, билбейм!
Кең дүйнөгө таштады эле — тар дедим,
Кызыл гүлдү сунушту эле — гүл эмес бул, кан дедим.
Уурттабадым бал кошулган даамыңды,
Ууну сунса, кубанычтан жайнап көзүм — жан дедим…

Жанымды кыйнайм неге?
Жанчылып ыйлайм неге?
Башкалар кантип жашайт?
Башкача кылбайм неге?
Мээмди көзөйт жебе…

***
Оюмдун бир барагы жүрөсүңбү?
Ордуңду башкалардан талаша албай.
Оргуштап турса дагы шык талантың,
Оош-кыйыш бул заманга жараша албай.

Сезимдин бир барагы жүрөсүңбү?
Сезилип башкаларга бир пендедей.
Сезимтал жаның далай сыздаса да,
Сыртыңдан бир чайпалбай, бир кемибей.

Өзгөчө ак дил элең мамилеге,
Өзүңдүн бир ойлобой сынарыңды.
Өгөйлөп койгон жокпу өжөр жашоо,
Өксүтүп чырпыгыңды, чынарыңды?

Деги сен, канттиң экен бул күндөрдө?
Тизгинин тиргиликтин башкара албай.
Туманга бастырдыңбы тунук жанды,
Туюкка кептелдиңби башкалардай.

Кайда бол, аман болчу бир момун жан,
Мен деле сени эстеп жүрө албаймын.
Капыстан, бүгүн сени эстегендей,
Капыстан, эртең сени унутамын…

Мынакей, Айзада эжебиздин ойго салган ырлары! Ыр жазарын билбепмин… Дагы ырларынан саларын, эскерүү жазарын билдирди Жылдызча айым.

Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “«Жанымды кыйнайм неге? Жанчылып ыйлайм неге?» Айзада Абазованын ырлары жана курдашынын эскерүүсү…

  1. Айзада менден кийинки удаалашым,сырлашым,мундашым,кенешчим эле. Кичинесинен зирек кыз болуп чонойду. Бир чыгарма жазгысы келсе- «,Илхамы келип калыптыр,кой жолтоо болбойлу»- деп алжасай турган жумушту дагы озум кылар элем,ал эми Айзада дептер менен ручкасын жана тошончуну которуп алып бактын арасына барып,ырларды жазуучу.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.