Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган иш-чара Таластан башталып, Бишкектен жыйынтыкталат!

Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган иш-чара Таластан башталып, Бишкектен жыйынтыкталат!

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана «Манас» орденинин ээси, азил-какшык аралаш саптары менен далайды чычалаткан, далайды алдастаткан, далайдын жүрөгүнөн түнөк тапкан, кыргыз деп келип, кыргыз деп дүйнөдөн өткөн Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоев атабыздын көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак.

20 бөлүмдөн турган программа

Мааракеге карата мамлекеттик деӊгээлдеги иш-чара Талас облусунан башталып, Бишкектен жыйынтыкталат. Бул тууралуу журналист Күнболот Момоконов билдирди.

Кесиптешибиздин айтымында, 13-октябрда Эл акынынын мааракесине арналган 20 бөлүмдөн турган программаны жаңы эле кызматка киришкен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго тааныштырышты. Жыйын Бишкек шаарында болуп өттү, ага Маданият министри Алтынбек Максүтов, Маданият министрлигинин алдында ачылган Улуттук адабиятты өнүктүрүү борборунун жетекчиси, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин, Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү (губернатор) Бакытбек Нарбеков, Талас облусунун акими Нургазы Айтмырзаев, Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов, Бекмолдо айыл аймагынын айыл өкмөтү Садык Бекназаров, Байдылда Сарногоевге арналган иш-чараны өткөрүүгө түзүлгөн комитеттин төрагасы Алтай Бөрүбаев, Бишкек курулуштун жетекчиси Аскар Молдобаев катышты. Программа бекитилип, өтө турган күндөрү белгиленди. Кудай буйруса, иш-чара Таласта 11-ноябрда башталып, Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында жыйынтыкталат.

Кабыл алынган резолюция

Буга чейин, ушул жылдын 14-сентябрында Улуттук илимдер академиясында «Кыргыз поэзиясынын феномени- Байдылда Сарногоев» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өткөн. Аталган конференцияга Кыргыз эл акындары: Анатай Өмүрканов, Асан Жакшылыков, Акбар Рыскулов, Кожогелди Култегин, Амантай Кутманалиев, Филология илимдеринин доктору, белгилүү адабиятчы Садык Алахан, академиктер Абдылдажан Акматалиев, Осмонакун Ибраимов, экс-спикерлер Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Жазуучулар союзунун жетекчиси, мыкты акын Нурлан Калыбеков, Байдылда уулу Бахтияр жана мукам үндүү ырчыбыз Малик Аликеев катышкан. Амантай Кутманалиев иш-чаранын башын ачып сүйлөп, төгүп берген. Ал эми Малик Аликеев Байдылда атабыздын үч ырын: «Сары Челек», «Селкиге», «Эсен бол» ырдап берген.

Конференциянын аягында төмөндөгүдөй резолюция кабыл алынган:

1. Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин поэзиясынын феноменин изилдөө иштери Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясындагы ( УИА) Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда мындан нары улантылсын.

2. Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн Бишкек шаарынын бир көчөсү, же Бишкек шаарынан бир мектептин атын берүү жагы Бишкек шаардык кеңешинен жана Мэриясынан суралсын.
3. Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин ырларынын академиялык басылмасын даярдоо КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна тапшырылсын.

Талас шаарына эстелик орнотулат

Байдылда атабыздын эстелигин Талас шаарына орнотуу кайрадан демилгеленди. Мындай демилгени 6 жыл мурун Күнболот Момоконов көтөргөн болчу. Кандайдыр бир себептерден улам аягына чыкпай калган эле, эми ошол ишке ашканы турат.

«Байдылда Сарногоевдин эстелигин жасоо үчүн «Кең Талас» коому тарабынан 2016-жылы скульптор, архитекторлор арасында конкурс жарыяланып, скульптор Нурлан Кебек уулунун эмгеги жактырылган. Учурда ушул жигитибиз эстелигин жасап жатат. Буга чейин ал залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун Таластагы эстелигин жасаган. Ал эми эстеликтин ордун Таластын мыкты уулу, кадырлуу аксакалы, курулушчу Аскар Молдобаев жасатып жатат. Аскар байкеге жана эстеликти каржылап жаткан «Бакубат Талас» фондуна ыраазычылык билдиребиз«,-дейт Күнболот Момоконов.

Мааракелик иш-чараны уюштуруу оңой эмес, канча деген каражат керек! Биз дагы уюштуруучуларга жана эстеликти жасатып, каржылап жаткан агаларыбызга ыраазычылык билдиребиз! 7 дубандагы мен-мен деген саясатчылар, бизнесмендер уюштуруучулардын эмгегин баалап, аларга финансы жагынан колдоо көрсөтөт деген ойдобуз! Анткени Байдылда Сарногоев атабыз Талас элинин эле эмес, Кыргызстандын сүйүктүү эл акыны!

«Түндүкмүн деп элирбей,

Түштүкмүн деп көбүрбөй,

Ортосунан оң-солдун,

Мен чыккам деп сөгүнбөй,

Уурум да кыргыз деп,

Улутум да кыргыз деп,

Жүрөлүчү бөлүнбөй!« деп Байдылда атабыздын жазган ыр саптары намыска тийет. Ынтымакка, биримдикке чакырган ыр! Эл акыныбыздын бизге калтырып кеткен нускалуу ырын эске алуу менен бирге, 7 дубандагы туугандар ынтымак менен биримдикте Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесин татыктуу өткөрүп алалы!

Кулагыңыздарга күмүш сырга…

Буга чейин социалдык желеде бир топ инсандарыбыз эстафетаны улантып келди. Ыраазычылык билдиребиз! Бирок ортодо ыр окуу ыргагы ар кандай кырдаалга байланыштуу токтоп калган эле… Эми кайрадан жандантып, мамлекеттик иш-чарага (16-ноябрга) чейин улантып жатабыз, туугандар! Эстафетага катышуучулардан «Фейсбук» баракчасына видеону жүктөгөндө Salieva Salimaны кошо белгилей кеткиле дедик эле, ушуну унутуп койгондор болуп, ыр окугандарын көрбөй бир топ убакыт да өтүп кетиптир… Айрымдар ар кандай себептүү иштер менен убактылары болбой жатканын айтып кечирим сурашты. Айрымдар эстафета аларга узатылганынан кабардар да эмес экен. Ошондуктан бир сураныч: эстафетаны сунган адамыңыздарды сөзсүз белгилеп, кабардар кылып коюңуздар!

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу эстафета катышуучулары жана жалпы окурмандарыбыз!

Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап жана аларга эскертип;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Байдылда САРНОГОЕВ: «Кыргыз деп келгем дүйнөгө, Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн»

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай биздин «Алакан» (alakan.biz) сайты «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Бул саамалыгыбыздын каалгасын Жогорку Кеңеш депутаты Руслан Жакышов ачып берген.

Байдылда САРНОГОЕВ: «Эсен бол!»

Байдылда САРНОГОЕВ: «Кыргыздын жигиттери»

Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол, кыргыздын жигиттери!
Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени.

Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол, кыргыздын жигиттери!
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени.

ВИДЕО

Назира СААЛИЕВА

One thought on “Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган иш-чара Таластан башталып, Бишкектен жыйынтыкталат!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.