Зина Сарногоеванын ак батасы… Эстафета катышуучуларын китепканага чакырабыз! (Дарек)

Зина Сарногоеванын ак батасы… Эстафета катышуучуларын китепканага чакырабыз! (Дарек)

Зина САРНОГОЕВА: «2022-жыл -Байдылда жылы болду»

— Урматтуу кыргыз элим!

Байдылда Сарногоевдин көзү тирүү болгондо (паспорту боюнча) быйыл 90 жашка чыкмак. Атаңардын мааракесин утурлай, жыл башынан аягына чейин көп иш-чаралар өткөрүлүп, чындыгында, 2022-жыл — Байдылда жылы болду!
Январда Бишкектеги китепканалардан башталган иш-чара ушул декабрга чейин 7 облустун китепканаларында, мектептеринде уланды.
16-майда Талас облусунун Бекмолдо айыл өкмөтүнө караштуу Сасык-Булак айылындагы Байдылда Сарногоев атындагы маданият үйүнүн алдына уулум Бахтияр үй-бүлөбүздүн атынан атасынын колодон жасалган бюстун орнотту. Ошол эле күнү Талас университетинде илимий конференция өтүп, Маданият министрлиги Эл аралык айтышты уюштурду.

«Алакан» сайты май айынан баштап уюштурган «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасына бир топ адамдар катышып, чалымдын ырларынан көркөм окуп, обондуу ырларын ырдап жатышты…

14-сентябрда Улуттук илимдер академиясында «Кыргыз поэзиясынын феномени- Байдылда Сарногоев» аттуу илимий- практикалык конференция өтүп, резолюция кабыл алып беришти.
Анан ноябрь айында мамлекет тарабынан уюштурулган иш-чара Таластан башталды. Талас шаарындагы Байдылда Сарногоев көчөсүнө бараандуу эстелиги орнотулду. Айкелдин ачылыш аземине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баш болгон бир топ белгилүү адамдар катышып беришти.

Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында концерттик иш-чара өткөрүлүп, ыр сынак жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар ыйгарылды. Райкан Алканов атындагы ат майданында спорттук иш-чара өткөрүлдү.
Мамлекеттик иш-чара соңу 18-ноябрда Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында жыйынтыкталды. Бул иш-чарада Байдылда Сарногоев тууралуу тасма көрсөтүлдү.

Бишкектеги мамлекеттик иш-чарага Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев катышып, Байдылда Сарногоевдин ыр китеби түрк тилине которуларын билдирди. Ал иш-чаранын аягында Таластын эр-азаматтары, уулум Бахтияр болуп абышкама багыштап куран окутушту.
29-ноябрда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде иш-чара уюштурулуп, ырлары окулуп, обондуу ырлары ырдалды.
29-декабрда «Алакан» сайты уюштурган эстафета жыйынтыкталып, бүгүн, 30-декабрда, биздин үй-бүлөнүн менен сайттын өзүнүн чакан белектери эстафета катышуучуларына тапшырылганы турат.

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин поэзиясын туу тутуп, чыгармачылыгын баалап, арбагын сыйлап 90 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүүгө чоң салым кошкондордун бардыгына үй-бүлөбүздүн атынан терең ыраазычылык билдирип, ак батамды беремин. Байдылда атаңардын арбагы ыраазы болсун!

Урматым менен Зина САРНОГОЕВА

ЖАРЫЯ: Улуттук китепканага келиңиздер!

«Залкар акыныбыз Байдылда Сарногоевдин жылы болуп аяктасын» деген изги тилегибиз талантты баалаган, Байдылда атабызды чындап сыйлаган жакшы адамдардын жардамы менен ишке ашып отурат. Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Алтындай убактысын бөлүп, эстафетага катышкан инсандарыбызга сайтыбыздын эмгек жамаатыбыздын жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем! Бул дагы болсо улуу акынга болгон сый-урматыңыздар! Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт!

1.Руслан Жакышов, ЖК депутаты

2. Жыргалбек Касаболотов, журналист, акын, котормочу

3. Шабдан Сулайманов, акын

4. Мая Осмонкулова, акын

5. Малик Аликеев,Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы

6. Нуржигит Кадырбеков,  ЖК депутаты

7. Айчүрөк Борукеева, эркин журналист

8. Атахан Кожогулов, тележурналист, акын

9. Кыялбек Урманбетов, Кыргыз эл акыны

10. Чынар Амираева, опера ырчысы

11. Улугбек Омокеев, маданияттын мыкты кызматкери, акын

12. Бешболуш Матисаков, акын

13. Айкын Маматова, акын

14. Калыбек Жунушалиев

15. Саадат Кудайбергенова

16. Жылдыз Алишерова, акын

17. Максат Исакова, акын

18. Нурлан Камчыбеков, акын

19. Асан Жакшылыков, Кыргыз Эл акыны

20. Кайыргүл Надырбекова, акын

21. Стамгүл Турдалиева, ырчы

22. Эркеайым Боталиева, акын

23. Нурлан Калыбеков, Улуттук Жазуучулар Союзунун жетекчиси, акын

24. Акбар Жанышбеков, акын

25. Улан Орозалиев

26. Керимбек Кадыракунов, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын

27. Максат Кулуев, КРнын эмгек сиңирген артист, ырчы, обончу

28. Амантай Кутманалиев, Кыргыз эл артисти

29. Рысбай Исаков, манасчы

30. Сыймык Бейшекеев, ырчы, обончу

31. Шайырбек Абдырахманов, эркин журналист

32. Султан Раев, Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы, Кыргыз эл жазуучусу

33. Садык Шер, Кыргызстандын Франциядагы элчиси

34. Бурул Доктурбекова, акын

35. Сталбек Абдыраев

36. Нуржамал Султанбекова, акын ВИДЕО

37. Элдар Темирбеков, 4-класстын окуучусу

38. Гүлжигит Сатыбеков, КРнын эмгек сиңирген артист, ырчы

Бүгүн (30-декабрда) «Алакан» сайты эстафетага катышкан 38 адамды Бишкектеги А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын кичизалында, саат 14:00до күтөбүз. Байдылда Сарногоевдин үй-бүлөсүнүн жана биздин сайттын чакан белектери тапшырылат.

Назира СААЛИЕВА

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.