Түркияда жер титирөөдө каза болгон кыздын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди

Түркияда жер титирөөдө каза болгон кыздын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди

Түркияда жер титирөөдөн каза болгон кыргызстандыктын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинен кабарлагандай, маркумдун сөөгү бүгүн, 14-февралда, эртең менен туугандарына өткөрүлдү. Маркумдун сөөгү Жалал-Абад облусунда жерге берилет.

Буга чейин 11-февралда Хатай шаарындагы урандылардын астынан аялдын сөөгү чыгарылып, ал 1986-жылы туулган Б.М. аттуу айым экени айтылган.

Эске сала кетсек, 6-февралда түштөн кийин Түркияда күчү 7,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө кайталанып, ал коңшу Грузия, Армения, Ливан жана Иранда сезилген. Бир топ адамдар каза болгон.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.