Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Бакиевдердин мындай долбоору Садыр Жапаровдун өзүнө зыян»

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Бакиевдердин мындай долбоору Садыр Жапаровдун өзүнө зыян»

Алтоонун алакасы, айтыла элек залакасы

Президент Садыр Жапаров жакында мурдагы президенттерди чогултуп, ынтымакка чакырганын билдирип, кыргыз элине кечиримдүүлүк тууралуу кеп баштады. Өз кадамын ал мурдагы президенттердин башын бириктирүүгө эл-жердин ынтымагын ойлогону себеп болгону менен түшүндүрдү. «Султан сөөгүн кордобойт» деген президент мындай демилгени өлкөнүн мурдагы башчылары колдогонун «Фейсбук» баракчасына жазды (“Азаттык”). Президенттин басма сөз кызматы да бул боюнча бир катар маалыматтарды берип, иш-чаранын максатын чечмелөө менен убара болууда. Ал маалыматтардын баары жеткиликтүү, андыктан жаран катары өз оюбузду айта берели.

Кыргыздын өчү кырк жылда

Кыргызда кечирим тууралуу ар кайсы учурда ар кандай принциптер иштейт. Бийликтин бул кылганын анын тарапташтары “алдыңа келсе атаңдын кунун кеч”, “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген макалдар менен негиздегенге аракет кылышууда. Бирок бул жабыркагандардын жеке өзүнө гана тиешелүү айтылган кептер. Эсеби маселен, Аксы окуясында же апрель окуясында Садыр Жапаровдун өзүнүн жакыны Акаевдин же Бакиевдин бийлигинен жабыркап же көз жумган болсо, жеке өзү аларга мамилесин кандай кылса өзү билмек. Күнөө кылган киши күнөөсүн мойнуна алып астына келсе, жабыр тарткан адам аны кечирүүгө, ал тургай ысык-ынак алака түзүүгө акысы бар.

Бирок конкреттүү кылмыштан же кыянаттан жабыркабаган адам жабыркагандар үчүн кечирүүгө, кечирген чечим чыгарып тагдырын чечүүгө акысы жок. Ал тургай “кыргыздын өчү кырк жылда” деген кеп илгертен бар. Ушундан улам бийликтин бул кадамы жети негизден улам зыян.

1) Акаев жок эле дегенде Аксы окуясы, Кумтөр аферасы, мыйзамсыз үчүнчү мөөнөтү үчүн, Бакиевдер 90 киши боо түшүп кырылган апрель окуясы, Кумтөр аферасынын уланышы, өкмөттүн үстүнөн ЦАРИИ түзүлгөнү үчүн, Атамбаев Кой-Таш окуясы үчүн жооп бериши керек. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү элдин мүдөөсүнө, өзү моюнга алган кылмышына карабай Бакиевди тирүү качырып жибергени үчүн жооп бериши керек. Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү катары 2010-жылдагы апрель окуясында курман болгон жигиттердин арбагын аттап өтүп ушулар менен бир столдо отурганы үчүн эле эң катуу сынга татыктуу. Сооронбай Жээнбеков эл коронавирустан кырылып атканда парламенттик шайлоону дайындаганы үчүн юридикалык болбосо да моралдык жоопкерчилиги бар. Эгер ушулардын баарын кечирели десек анда башка кылмышкерлердин баарын чыгаралы да, мыйзам үстөмдүгүнөн, мамлекет деген атыбыздан, дегеле жакшы-жаман деген түшүнүктөн расмий баш тарталы. Жок, биз мамлекетпиз, мыйзам иштеши керек десек анда соттолгондору келип жазасын бир да күн кемитпей өтөп, башкалары кылган ишинин жоопкерчилигин мойнуна алып, жүйөлүү сөзгө жыгылып мойнуна курун салынып жашап өтсүн.

2) Эгерде кыргыз соту өкүм чыгарган адамдар менен жолугушкан болсо, анда азыркы президент да жооп бериши керек. Чакырып бир столго отургузганга алы жеткен кармап келгенге да алы жетмек. Себеби президент башкы командачынын милдетин аткарат. Мыйзамдуулуктун, демек чыккан өкүмдөрдүн аткарылышы үчүн да түздөн-түз жооптуу. Эл бийликти шайлаганда “кылмышы сотто далилденгендерди ынтымакка чакырасың” деп шайлабайт. “Кылмыш кылгандарды соттоп, жазаланышын камсыз кыласың” деп шайлайт.

3) Мурдагы президенттерди кечирүү жөнүндө кеп кылуудан мурда азыркы президент башкасын коюп, өзүнүн ошол күндөрү соттон акталган кагазын коомчулукка көргөзүшү зарыл. Эгер көргөзө албаса демек шайлоого мыйзамсыз катышкан. Биз буга эмгиче ынанымдуу жооп ала элекпиз. Мыйзамсыз соттолгон дейли десек өзү мунапыс сураган, мунапысты болсо күнөөсүн мойнуна алган киши гана сурайт. Башка жолу жок.

4) Президент Садыр Жапаров алды деп саналган көпчүлүк добуш шайлоого укуктуу жарандардын жарымынан азына гана тиешелүү экенин да эстен чыгарбайлы. Калганы ар кандай себептер менен катышкан эмес. Ошондо кайсы элдин атынан сүйлөп жатат? Жок эле дегенде былтыр өзү уюштурган курултайда эл менен кеңешип жасалган иш болсо молдокелер айтмакчы шариятка тууралаган болот эле. Коомчулук бул жолугушуу болору болуп, боесу кангандан кийин билип атат. Бул окуя болуп атканда бир Кудай билиптир, бир Дубай билиптир. Чакырган Садыр Жапаров билиптир, чакырылган коноктору билиптир. Баарынан кызыгы — кечирер-кечирбесин чече турган кыргыз эли өзү билбептир. Бул эмне болгон жапма челек?

5) Так ушул тапта мекенибиздин бүтүндүгүн камсыз кылалы деп Кемпирабад боюнча камалгандар, казинону тыялы деп башын сайгандар түрмөдөн башы чыкпай жатат. Алар кечирим бергидей күнөө кылган жок, тескерисинче жерибиз кетпесин дегени үчүн ар бири сыйга жана урматка татыктуу. Анын ордуна жогорудагы кылмыштарды жасап, айрымдарына сот өкүмү чыккан, дагы башкаларына ушунча сын айтылган кишилерди кечирүүгө чакыруу акты кара, караны ак дегенге тете. “Мекенин коргогондор камалсын, мекенин ушул абалга жеткиргендер эч нерсе болбой эле тайрактап жүрө берсин” деген кеп.

6) Садыр Жапаров айтып жаткан элдин биримдигин камсыз кылуу деген мындай болбойт. Элди чогулткусу келген киши биринчи иретте Кыргызстандан тентип ар кай жерде иштеп жүргөн карапайым адамдарды чогултат. Өз өлкөсүндө жумуш орундарын түзөт. Тышка чыгып кеткен мигранттар мекенине кайтып келгидей кылып ишеним жаратат, келечекке багыт берет. Кылмышы далилденип качып кеткен президенттер кимиси болбосун түрмөдө гана отурушу керек. Түштүк Кореяда мурдагы президенттердин бир эмес, бир нечеси камалып жатат. Андан дүйнө аңтарылып кеткен жок, Түштүк Кореянын эли бизден алда канча жакшы жашайт. Асман шаарын салгандан мурун ушундай мыйзамдуулукту үйрөнүш керек.

7) Балким эң негизгиси – кечирим деген маселе күнөө кылган тарап чындап күнөөсүн ачык, расмий мойнуна алып, биротоло баш көтөргүс болгондон кийин кеп боло баштайт. Аскар Акаев Кумтөр окуясы үчүн гана кечирим сурамыш болду. Ошол бойдон эч кандай жазага тартылбаган боюнча чыгып кетти. Аксы окуясы, үчүнчү мөөнөтү боюнча кечирим сураган жок. Дегеле күнөөсүн мойнуна алганы көрүнбөйт.

Курманбек Бакиев эмгиче 90 баланын өлүмү, ага чейин өз бийлигинин тушунда киши колдуу болгон 40тай жарандын ажалы үчүн жооп бере элек. Эмгиче ошол окуялар үчүн көтөрүлүп чыккан элди айыптап, өзүн суудан таза, сүттөн ак кылып көрсөтүп келатат.

Алмазбек Атамбаев өз кылганын билбей эле өзү бийликке сүйрөп келген Сооронбай Жээнбековдун мыйзамдуу аракеттери үчүн жакында эле кекетип ит кыялын карматып кетти. Мунун баары сабак алган кишилердин сөзү, жоругу, тыянагы эмес. Анан бул жактан туруп алып эле кечире беребизби?

Болбойт, эй. Адегенде күнөөсүн мойнуна алып, көз жашын чындап көлдөтүп, тизелеп, элге жек көрүндү кылган кылыгы менен жоругуна чындап өкүнүп, жасаган кыянаттыктарынын баарын төкпөй-чачпай айтып беришсин. “Мына күнөөнү мен кылдым, мен ит болдум, мен акмакмын” деп өз оозу менен айтсын. Бир эмес, бир нече жолу, талаш туудурбай тургандай, кийин актана албай тургандай кылып айтсын. Ошондо анан элге салса жарашат. Ошондо да биринчи иретте жабыркагандар, жакындарын жоготкондордун бири калбай толук кечиргенден кийин гана башкалары кепке аралашса бир жөн. Ансыз бул жабыркагандарга карата кыянаттык, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, “сенин жакыныңды жок кылды эле, сенин укугуңду бузду эле, сенин мекениңди четинен кертип сатты эле, сенин өмүрүндүн ушунча жылын уурдады эле, ал үчүн биз кечирдик” деген өкүм зордук.

Ынтымакты ыдыратуучу демилге

Жогорудагы жүйөлөрдөн улам көрүнүп тургандай, кандай ниетти көздөп, кандай чечилген күндө да бул демилге пайда эмес, зыян гана алып келет.

а) Баарын кечирип майкөл, сүткөл болуп жашап калалы десек – анда башка кылмыш кылгандардын баарынын маселеси кабыргасынан коюлат. Ушунча жыл калыстык үчүн күрөшкөн элдин эмгегинин баары текке кеткени расмий бекемделет. Мамлекет мамлекеттик аздыр-көптүр акыркы функциясын жоготот.

б) Ушул демилгенин тегерегиндеги талкуу күчөп, акыры тирешүүгө алып келсе, анда ал жок эле дегенде Курманбек Бакиевдин тарапташтарынын трайбалисттик иш-аракеттеринен улам аймак аралык жиктешүүнү пайда кылат. Аны Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тандеми да сактай албайт.

Демек, кайсы жагынан карабайлы, бул демилгенин кесепетинен улам мамлекеттүүлүктү жоготуп алышыбыз мүмкүн.

Бул кимдин кызыкчылыгында?

Садыр Жапаровго бул сунушту ким киргизгени белгисиз, бирок мындай демилге обңективдүү түрдө Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгында. Мындай жыйынтык чыгарууга ички жана тышкы себептер бар.

Ички себептер. Азыркы бийлик толугу менен Курманбек Бакиевдин кадрлары. Аны өздөрү эч качан жашырган эмес, ал тургай убагында сыймыктанган, кийин 2010-жылдагы окуялардан соң Убактылуу Өкмөткө каршы түзүлгөн “Ата Журт” партиясында болушкан. Башка партиядан болсо да Адахан Мадумаров да ошол эле күчтөрдүн берки бети.

Тышкы себептер. Азыр орус-украин согушу жүрүп жатат. Мен бул согуштун жүрүшүнө күн сайын байкоо жүргүзүп келатам. Орус тараптын да, украин тараптын да, башка тараптардын да эксперттерин угууга туура келгендиктен аздыр-көптүр обңективдүү маалымат бар. Беларусь Орусияга курал-жарактан ар тараптуу көмөк көрсөтүп, өз аймагын Украинага кол салууга плацдарм катары пайдаланууга уруксат бергени белгилүү. Бирок өз аскери менен ачык кол сала элек. Ачык кол салса украиндердин колу-жолу бош болуп, ансыз да көпчүлүк куралын орус армиясына берип салган алсыз беларус армиясын талкалап салууга толук негиз табылат. Путин ошого кыстап, бирок Лукашенко көнбөй атат.

Ошол эле учурда орус-беларус союздук мамлекетинин бирдиктүү аскерлерин түзүү да Лукашенконун күч түзүмдөрүндөгү өз алдынчалыгын алсыратууда. Демек, Лукашенко украин армиясы менен түз согушка кирсе да, беларусь оппозициясы кайра көтөрүлсө да, орустар менен союздаштыгы акыры Беларустун өз алдынчалыгын жок кылса да бийлигинен ажырайт. Орустар утса да, украиндер утса да Лукашенко бийлигинен ажырай турган күндү жакындатат. Муну башкасы түшүнбөсө да Максим Бакиев эң жакшы түшүнөт. Жаныш менен Максимдин 2010-жылдагы сүйлөшкөн сөздөрүн уккандар качкын президенттин баласында ыплас саясий технологиялардын тажрыйбасы кыйла өнүккөнүн абдан жакшы байкашкан. Анын октябрь окуясына тийгизген таасири тууралуу да жазганбыз.

Эгер Лукашенко ээрден тая турган болсо Бакиевдердин үй-бүлөсү каякка барып баш калкалайт? Орустар тил эмизип АКШ базасын чыгарбай койгонун кечирбейт. Батыш кабыл алгысы келбейт. Араб мамлекеттери АКШ менен бир качкын президент үчүн мамилесин бузбайт. Анын үстүнө чет мамлекетте тарапташтары, электораты, тааныш кыртыш жок, сатып алса да коопсуздугуна кепилдик берчүлөр аз. Болсо да акчасын саап алат. Алар үчүн коопсуз өмүрүн улантуунун бир гана жолу калат, ал – Кыргызстанга келүү.

Расмий бийлик катары аларды Кыргызстандын жалпы коомчулугу толук кабыл албайт. Бирок жашырганда эмне, жердештеринин арасында тарапташтары көп. Ал эми каршылаштары бул маселени улам козгой берет, жок эле дегенде жекече өч алууга аракет кылчулары чыгат. Эгерде тирешүү күчөй турган болсо булар Кыргызстанды аймактык негизде экиге бөлүп, бир бөлүгүндө бийлигин орнотуудан кайра тартпайт. Эгер Лукашенконун алсырап бараткан бийлиги биротоло кулай турган болсо, алар үчүн эң ыңгайлуу варианты ушул. Баарынан кызыгы — бул сценарийде Садыр Жапаровго да, Камчыбек Ташиевге да ылайыктуу орун жок. Эки кочкордун башы чоңураак казанда кайнашы мүмкүн экен, бирок карышкырды чакырып алышса экөөнү тең жеп коет.

Эмне кылыш керек?

Көрүнүп тургандай, бул демилгенин артында турган Бакиевдердин мындай долбоору Садыр Жапаровдун өзүнө зыян. Анткени Кыргызстанда аймак аралык чатак чыга турган болсо биринчи иретте өзү бирдиктүү бийлигинен ажырайт. Муну азыркы президент өзү билеби? Билбесе жогорудагы жагдайларды ойлонуп көргөнү өзүнө эле пайда. Билсе тиешелүү жыйынтык чыгарып, колу-бутун тушап турган көрүнбөс жиптерди ого бетер чийе байлабай, тескерисинче зыяндуу таасирден мүмкүн болушунча эртерээк кутулганга аракет кылганы оң.

Анын бир жолу – “мен айкөлдүк менен сунуш кылдым эле, коомчулук түшүнбөйт экен” деп азыркы демилгесинен толугу менен баш тартуу. Кемпирабад маселесинде да ушундай эле принципти (Жогорку Кеңештин колу менен баш тартууну) сунуш кылганбыз, болгон жок. Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү бийлик үчүн да, коомчулуктун кыйла бөлүгү үчүн да анчалык маанилүү эмес экен дейли, бирок бул жолу бийлик башындагылар өзүнүн келечегин ойлосо деле туура жыйынтык чыгарышы керек.

Болбосо өзүнүн да, мамлекеттин да шору.

Жыргалбек КАСАБОЛОТ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.