Кыргыз, орус, казак тилдеринде эркин сүйлөгөн, келечекте атактуу журналист болгусу келген Темирлан төрт бир туугандын кичүүсү. 21 жашта. Бойдок. “Жалбырак ТВ” каналынын “Күн бүгүн” берүүсүнүн алып баруучусу. Кыргыз тилинде сайраган балабыз орус эмес, кыргыз. Болгондо да Ат-Башынын Ак-Музунан. Калганын өз оозунан угуңуздар!
— Темирлан, «Жалбырак” деп айтуу кыйынчылык туудурдубу?
– Албетте, бир аз кыйынчылыктар болуп жатты. Бирок, «Жалбыракты» «Сентябрь» деп айтып алган учур болгон жок. Биринчи кезекте көрүүчүлөргө оор болду окшойт. «Жалбырак ТВны» интернеттен таба албай кайрылгандардын ар бирине түшүндүрүп бердик.
— “Сентябрь” телеканалына кандайча келип калдың эле?
—Телевидениеде иштегим келчү. Абдыбеков Байыш аттуу агайым мындай каалоомду билчү. Анан бир күнү: “Темирлан, “Сентябрь” телеканалы ачылып жатыптыр, ошого барып көрбөйсүңбү?” деп сунуштап калды. Агайымдын арты менен келип калгам. (Күлүп) Биринчи келгенде жөн гана сүйлөгөндөн да сүрдөгөм. Бара-бара көп нерсеге көнүп, такшалдым, такшалган соң эфирге чыга баштадым. Эфирге алгач чыкканда кандай сүрдөсөм, азыркыга чейин сүрдөйм. Түз эфир болгондон кийин, “бир жерден жаңылып калсам не болот?” деп сар-санаа болосуң.
—Өзүңдү кайталоодон көрөсүңбү, кемчилигин байкалат бекен?
—Албетте, кайталоодон өзүмдү көрүп турам. Кемчилигим бакырайып эле көрүнөт. Эмкиде оңдоого аракет кылам. Ата-энем, бир туугандарым колдойт. Ал эми сынчым эжем, көбүрөөк сын айтат. Эжемдин колунда көбүрөөк тарбиялангам.
—«Оппозиция телеканалында иштебе!» деген жокпу?
—Акыркы саясий окуяларга байланыштуу үйдөгүлөр өтө тынчсызданып жатышты. (Күлүп) Күнүгө чалып, кайда жүрүп, эмне кылып жатканыма чейин сурап турушту. Эми гана бир аз көнүп калышты окшойт.
—Атаң орус, апаң кыргыз кызы да?..
— Тескерисинче, атам — кыргыз, апам — орус.
— Владислав дегенден улам, орус го деп ойлоппуз?
—(Күлүп) Ушундай атка чоң атам күнөөлүү. Бул эми тамаша. Чоң атам Ат-Башылык, чоң энем чуваш улутунан болгон. Чоң атам экөө Орусияда баш кошушкан. Атам ошол жакта төрөлгөндүктөн ага орусча ат коюпшуптур. Апам да Ат-Башынын кызы, Евгения Арпачиева. Таятам кыргыз, таянем орус. Апам билим берүү тармагында 30 жыл иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.
—Атаң экөө каерден, кандайча таанышып, баш кошушкан экен?
—Апам мурдагы В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтун (азыркы Арабаев) бүткөндөн кийин, Ак-Муз айылына орус тили сабагынан мугалим болуп барыптыр. “Орус мугалим келиптир” деп айыл ичи сөз кылыптыр. Ошол жылы атам армиядан келип, таанышып, бири-бирин жактырып калып, баш кошушкан экен. Азыр чоң ата, чоң апа, небере жыттап калышты.
—Өзүң качан небере жыттатайын деп жатасың?
— Азырынча үйлөнүүгө эртерээк кылат.
—Сүйлөшкөн кызың барбы?
—Жок.
—Үйүңөрдө салт кандай сакталган?
—Апам салт-санааны жакшы билет. Кол өнөрчүлүккө шыктуу, колунан көөрү төгүлгөн уз. Бардык нерсени оймо-чийме менен жасайт. Жаңы келин болуп келгенде эле баарын өздөштүрүп кеткен экен. Алигүнчө кол өнөрчүлүк менен алектенет. “Шайыр апалар” фольклордук тобунда, жакшы ырдайт. Ар кайсы конкурс болгондо, майрамдарда чакырып калышат. Атам плотник болуп иштейт.
—Кыргыз тилин келин болуп келгенде сүйлөптүрбү?
—Жок, ага чейин эле билчү экен. Апам келин болуп келгенде кыргызча билбейт го деп чочулашыптыр, билерин угуп аябай кубанышыптыр. Биз кичинекей кезибизде уруша кеткенде, “сен орус, мен кыргыз” деп урушчу экенбиз. Ошол жоругубузду айтып ата-энебиз күлүп калышат.
—Канча бир туугансың?
— Төрт бир туугандын кенжесимин. Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын кулунумун. Моңолдордун Теке уруусунан болом. Мектепте мыкты окугам, бардык сабактардан 5 алчумун. Ал эми университетте ар кандай абалга байланыштуу окудум. Сабакты көп калтырган күндөр болгон. Келечекте атактуу журналист жана юридика илимдеринин доктору болсом деп тилечүмүн. Баары алдыда, андыктан, Кудай буйруса, болом деп ойлойм.
—“Илим доктору” болуш үчүн китеп окуш керек го. Бош убактыңда китеп окуйсуңбу же компьютерде отурасыңбы?
—Айылга барганда сөзсүз китеп окуйм. Шаардан китеп окуганга убакыт жетпей калат, анын үстүнө кызыгуу аз. Бош убакыт боло калганда ар кандай изилдөөлөр тууралуу видеолорду көрөм. Андан сырткары, жумасына бир жолу досторум менен футболго барам. Мурун жеңил атлетика менен бир аз алектенчүмүн, кийинчерээк ал да калды. Музыка укканды абдан жакшы көрөм, музыка менен уктайм. Шансон, классика, кээде поп музыкасын угуп калам.
—Кайсы сапатың өзүңө жагат жана жакпайт?
—Жалкоолук жана жумшактык, экөөнүн айынан көп азап тартам. Бирок, тааныштарыма эрктүү, күчтүү көрүнөт окшойм, “эркиң күчтүү” дешет.
—“Атбашылыктар таластыктарга окшоп, көп мактанат” дешет го…
—(Күлүп) Мактана турган жагым бар, ал: бир нерсени бат жаттап калам. Эс тутумум күчтүү.
—Кайсы тамакты жакшы көрөсүң, тамак тандайсыңбы?
—Колдон келишинче тандабай жегенге аракет кылам. Такыр жей албаган тамактарым бар. Кудай өзү кечирсин, бышкан капустаны жей албайм. Жаман көргөнүм борщ. Анан сүттөгөн чай иче албайм. Тамшанып жеген тамагым — бешбармак, куурдак жана жеңем жасаган гүлчөтай.
— Жаман көргөн сурооң кайсы?
—«Оруссуңбу же кыргызсыңбы? Кыргызчаны кайдан үйрөндүң эле?” деген суроолордон чыны тажап кеттим.
— Жакшы көргөн мезгилиң?
—Мен жактырган мезгил келди жана келатат: күз менен кыш.
— Байлык, бийлик дегенди кандай түшүнөсүң?
—Азыркы түшүнүк боюнча айтсам, байлыгың, бийлигиң менен баарына жетесиң. Ооба, бул чындык. Бирок, сенин жандүйнөң жарды болсо, андай байлык менен бийликтин кереги не?
—Таанымал адамдын таанышы, достору да көп болот эмеспи?
—Албетте, классташ, группалаш, курсташ досторум абдан көп, алардын ичинен эң жакын досторум бар. Мен үчүн дос деген — бир тууган. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, сага чындап күйгөн дос болуш керек!
—Кайсы алып баруучуну, дикторду жактырасың?
—Бала кезимде Екатерина Андрееванын жаңылыктарды алып барганын суктануу менен карап отураар элем. Андрей Малаховдун алып барганын жактырам. Орустардын «Пусть говорят», «Что, где, когда» телеберүүлөрү жагат. Биздин дикторлордон Чынар Капарова эжебизди баалайм.
— А саясатчылардан кимди баалайсың, саясатка кызыгасыңбы?
–Менимче, саясатка кызыкпай коюу мумкун эмес, бирок аралашпайм (күлөт). Депутат Өмүрбек Текебаевди өтө баалайм. Себеби, бул саясатчынын билими, деңгээли жогору. Бул жерге келгенче эле таанып, көрүп, карманган позициясын, жасаган иштерин баалачумун. Ушундай таанымал адамды, дегеле мурда телевизордон көрүп жүргөн адамдарды жанынан көрүү, алар менен маектешүү өтө кызыктуу жана кандайдыр бир жагымдуу сезимдерди тартуулайт. Алардан пайдалуу нерселерди аласың дегендей…
Маектешкен Нази БАЯН кызы