Белгилүү төкмө акын Амантай Кутманалиев «Ак мөңгү» аттуу термесин 7 жыл мурда чыгарган экен. Азыр “Мөңгү маселесинин” учуру деп ырын сурасак, ал: “бирок ак бул толук иштелип бүтө элек (черновик) үлгүсү. «Төкмө келсе, төр бошот» телеберүүсүндө бир ирет гана ырдалган (капыл -тапыл). Буйруса комузду тактап, добушту таптап туруп толук үлгүсүн жакын арада аткарып берүүгө аракеттенейин.
Эми аз болсо да, көптөй көрүп, арпа болсо да, чөптөй көрүп, арык болсо да, эттей көрүп, угуп коюнуздар, урматтуу күйөрмандар!”,-дейт төкмө акын. (Видео)
АК МӨҢГҮ
Мөңгүнүн айтып баянын,
Мөндүрдөй тилим сабайын.
Мөл кашка тунук күзгүдөй,
Мөлтүрөп жаткан караанын.
Мөөрү экен кыргыз тоосунун,
Мөөнөтү келди санайын.
Мөңгү десем ыр келет,
Мөңгүдөй таза ыр керек.
Мөлтүр тилдүү кыргызым,
Мөңгүгө тилиң шыр келет.
Мөңгүнү айтып бүтүүгө,
Мөөнөтү чексиз жыл керек!
Ак мөңгүм асман талашкан
Ак булуттардан ары ашкан.
Жылт этип учкан жылдыздар,
Жылгаңа түшүп адашкан.
Коктуңан өйдө жол алат,
Космоско кетип бараткан.
Айкалышып асманга,
Жаркырайсың ак мөңгү.
Айга жүзүң чагылып,
Жалтырайсың ак мөңгү.
Кыналышып асманга
Жаркырайсың ак мөңгү.
Кылыч мизи сыяктуу,
Жалтырайсың ак мөңгү.
Астың сууга айланып,
Шаркырайсың ак мөңгү.
Күн чырайсың жана да
Ай чырайсың ак мөңгү.
Күмүш айсың жана да
Алтын айсың ак мөңгү!
Памир тоонун чокусун,
Жапкандырсың ак мөңгү.
Гималайдын башында,
Жаткандырсың ак мөңгү.
Кең-Алайдан өз ордуң,
Тапкандырсың ак мөңгү.
Көк талашкан тоолордун,
Көркү сенсин ак мөңгү?
Көзгө сүйкүм көрүнгөн,
Бөркү сенсиң ак мөңгү.
Көк жалтаң муз болсоң да,
Көөдөндөгү жүрөктүн
Өртү сенсиң ак мөңгү!
Өстөндөргө куюлуп,
Өмүр бизге буюруп,
Өлбөс-өчпөс ак мөңгү,
Өзүңдү айтар чак келди!
Тендеши жок ак мөңгү,
Теңир тоого чак мөңгү.
Алмашы жок ак мөңгү
Ала тоого чак мөңгү.
Алты миң жылдык карт мөңгү.
Алты жүз жылдык алп мөңгү.
Арасында түнөгөн,
Алты эле айлык жаш мөңгү.
Сарамжалдуу сак мөңгү,
Сан миң жылдан аш мөңгү!
Боройлоп калың кар уруп,
Болбой эле дагы уруп,
Толо бергин ак мөңгү.
Боору бүтүн башы эсен,
Боло көргүн ак мөңгү!
Опол тоодой касиет,
Сыйып келген ак мөңгү.
Орто Азия тоосуна,
Уюп келген ак мөңгү,
Оюму бар Ак калпак,
Кийип келген ак мөңгү.
Орду таза, кадыры.
Бийик делген ак мөңгү!
Ошондон го илгертен,
Ыйык делген ак мөңгү!
Торпулардан торолуп,
Булак болгон ак мөңгү.
Токтогулдун ГЭСине,
Кубат болгон ак мөңгү.
Токко айланып электр,
Чырак болгон ак мөңгү.
Өңү түсүң сулуунун,
Гөзөлүсүң ак мөңгү.
Өйдөдөгү булуттун,
Төшөгүсөң ак мөңгү.
Өтөнүн «Аккан суусунун»
Өзөгүсүң ак мөңгү.
Улуу Нарын дайранын,
Нак көзүсүң ак мөңгү.
Ураан ырың (Гимндин),
Баш сөзүсүң ак мөңгү.
Салаалардай көрүнгөн,
Сары чымга көмүлгөн,
Сай жолдорун карачы.
Сан миң жылдан из калган,
Саймалы таштын арасы.
Сакталат таза абаңда.
Сага ыраазы кыргыздын,
Сайма калпак баласы.
Сары-Челек менен Чатыр көл,
Салкыныңдан дем алат.
Соң көлүң сага эркелеп,
Созулуп боюн кең алат.
Соодаласа ким сени,
Соолутуп кара жер алат.
Таң атканда берилеп,
Таамай жакын келгендей.
Так жүзүңдү көрөмүн,
Тасмал кантын көргөндөй.
Сага басып баргансыйм,
Аралашып калгансыйм.
Андан кийин тунарып,
Алыс жакта мунарык.
Абасынан калаанын,
Алыстайбы карааның?
Тазалыгың көрсөм деп,
Таң алдында турамын.
Талга жөлөп далымды,
Там алдында турамын.
Тал-теректин бир укмуш,
Дабыштарын угамын.
Табият көркү ак мөңгү
Таазим ыр арнап сунамын!