Жакында эле КТРК жетекчисинен “Жылдын мыкты кызматкери” наамын алган белгилүү режиссер Асыл Аппасова менен маектештик. Асыл айым алгач мугалим кесибин аркалаптыр, болгондо да студент кезинен баштаптыр.
— Асыл, өз кесибиң менен иштеп кеттиңби же ага чейин башка жерде иштедиң беле?
— Алгач мектепте мугалим болуп иштегем, Бишкек шаарындагы №37 орус мектебинде кыргыз тилден сабак бергем. Мугалим болом деп деле ойлогон эмесмин, капысынан эле болуп калгам. Бул өзүнчө кызык. 3-курста окуп жүргөндө, жаңы эле окуу башталган, сентябрдын башы болчу. Группалаш кызым экөөбүз жумуш издеп чыксак, бир жерде “Уборщица нужна” деп дарек илинип туруптур. №37 мектепке барып, Валентина Ивановна аттуу директоруна кирип, өзүбүздү тааныштырып, иш издеп жүргөнүбүздү айттык. “Силер пол жуубай эле, балдарга сабак бергиле. Бизге башкы класстарга кыргыз тилинен мугалим керек болууда”,-деп калды. Чынында, бизге мындай сунуш күтүүсүз болду. Ошентип, пол жууйбуз деп барып, капысынан мугалим болуп калдык. Жашпыз да, коркпой макул болгонубузду карасаң! Жакшы күндөр өттү. Директордун ишеничин актадык, макталдык. Кыскасы, ал жерде 5 жыл иштедим.
— КТРге кандайча келип калдың эле?
— Мугалимдик менен катар КТРде да иштеп жүрдүм. Эртең менен түштөн кийинкиге чейин мугалим, кечке маал КТРге келчүмүн. Алгач ал жерге, “Ала Тоого” режиссерлукка ассистент болуп келдим. Эми “ассистент” деген эмне? Ал “айдап кел, байлап кел!” дегендик да, режиссер эмнени айтса, ошону тыпылдап кыласың. “Дикторго муну алып барып бер!” деп текст берсе, ошол кагазды ташыйсың. Бирок, мага дикторлорго кагаз ташуу ар-намыс эмес, ардактуу болчу. Себеби, белгилүү, атактуу адамдарды жакындан көрүү сыймык эле. Алардын жанында туруу керемет сезилчү. Анан “мен дагы ушундай адамдардын жанында жүрөм” деп ичиңден кудуңдап сүйүнөсүң. Гүлшан Молдоеваны жанынан көргөндө “ушундай адамдар менен иштеп атам” деп аябай кубангам. (Күлүп) Атактууларды көрүп шок болгом. КТРдин ичи да өзүнчө эле лабиринт көрүнчү. Алгач келген киши адашып кетчү, мен дагы адашып калгам. Айланып эле кайра ордума келип калам. Барчу жагына жол сурайын десем, киши жок. Дегеним, эл жумуштан кетип, тым-тырс болуп калганда мен келчүмүн. Айланып жүрсөм коридордо айтылуу маэстро Асанкан Жумакматов туруптур. “Чыга албай жатам” десем, “жүр, кызым, мен жол таап берем” деп барчу жагымды көрсөтүп берди. Телевизордон көрүп жүргөн адамдарды жанынан көрүп эле сүйүнө берчүмүн. Эми ошол сезимимди сөз менен жеткире албайм да…
— Сен келген кезде КТР болсо, азыр КТРК. Канча жетекчи алмаштырдың? Кайсы жетекчи эмнеси менен эсиңде калды?
— Жумушум — менин экинчи үйүм. Мен келгенде, анда Абдиламит Матисаков болчу. 12 жетекчи болуптур. Илим Карыпбеков он экинчиси. Жетекчилер менен кошо мекеменин аталышы да бир нече өзгөрдү. Матисаковдон кийин, Аманбек Карыпкулов келди. “Жаңы президент келди, вице-президент Мамбетакунов болду” деп калышты. Баягыдай эле тексти көтөрүп келатсам, “Ала Тоо” студиясы боз түс менен жасалгаланып жатыптыр. Аны карап көп эле киши турган, арасында Карыпкулов да бар экен. Аны кийин угуп, уялып калгам. Карыпкулов: “Ай, кызым” деп бир нерсе айтайын деди окшойт. “Мен шашып жатам. Диктор тексти күтүп калды, күтүп тургулачы” деп кетип калдым. Көрсө, мен президент менен биринчи вице-президентти күттүрүп кетип калыпмын да. 1-кабатка түшүп, кайра келсем алар жок экен. Бир маалда Дамира Сатаева деген эже кезигип калып жетекчилерди күттүрүп койгонумду айтып күлдү. Карыпкулов менен Мамбетакунов жакшы иштеди, мага жаккан. Ар бир жетекчи өз деңгээлине жараша иш алып барып, кылган иши менен элдин эсинде калды. Сыртта карап турган адам деле баасын берип жатпайбы.
— Туура, сырттагылар баарын байкайт. Азыр “Ала Тоо” программасына, азыркы жетекчиге көпчүлүк нааразы, аны өзүң деле угуп жатсаң керек да. Маркум Карыпкулов алигүнчө элдин оозунда. “Карыпкуловдун кезинде КТР кара жашикке айланса, Азыр Илим Карыпбековдун учурунда дал ошондой болду” деп, жетекчиге да, жаңылыктарга да нааразы. Буга кандай дейсиң?
— Мен саясатка кызыкпайм жана түшүнбөйм. Түшүнбөгөн темага көңүл бургум да, тишим өтпөгөн жерге баргым да келбейт. Ошон үчүн “андай, мындай” дегенден алысмын. Бирок, бир нерсени билем, кызматтан кеткен жетекчини жамандашат да, келген жетекчини макташат. Бул эки жүздүүлүк жана ошол жетекчи менен келишпей калган адамдын жеке таарынычы, башка кеп болушу мүмкүн эмес. “КТРКны көрбөйм” дей беришет, бирок, бүт программаларды айтып беришет, «өткөндө андай болду, мындай болду» деп. Анан кантип биздин каналды көрбөйт? Ошол сыяктуу эле кеп да. Мен эми азыркы жетекчи боюнча өз оюмду айтайын. Жайында интернетте: “Карыпбеков кызматтан кетет-кетпейт “ деген сөздөр жазылып, сөз болбоду беле. Ошондо мен мындай пикир жазгам: “Жакшы иштеп жатат. Жакшы жетекчи кетпей, ушул жерде калып, дагы өзүн көрсөтүшү керек. Илим Карыпбеков кызматтан кетпей, калышы керек. Баштаган ишинин аягына чыгуусу абзел” деп. Себеби, улам эле бир жетекчи келип баштап, кылган ишин аягына чыкпай кете берсе, анда иш алдыга жылбайт. Андыктан андагы пикирим дагы деле күчүндө, ал өзгөргөн жок. Жакшы жагын айтсаң эле “кошоматчы” деп башташат. Бул туура эмес. Себеби, сырттагылар сыртта туруп көрбөй эле сөз кылат, а биз ичте иштеп, ким эмне кылып жатканын жакындан көрүп жатабыз. “Адамдын жакшы жагын көрө, жаман жагын бөлө жүрүү керек” деген жакшы макал бар эмеспи, анынсыңарындай, адамдын жакшы жагын көрүүгө үйрөнсөк жакшы болот эле. Позитивдүү жакка элди үндөгүм, жаман ойлорун жакшы жакка бургум келет. Негизи менин жандүйнөмө ыр-күлкү, шоу программалары жакын. Кесиптешим Назира Аалы кызы да: “Эже, сиз тажрыйбалуу адамсыз, шоу-бизнес дебей, төбөсү көрүнгөн адамдар менен иштесеңиз болот эле»,-деген. Кийинки күнү кыскаметраждуу фильм тарткым келип жүрөт жана социалдык тема да жагууда. Кыйналып жашаган карапайым элдин көйгөйүн чагылдырып, чоңдорго үнүн жеткирип, маселе чечип берүүгө көпүрө түзгүм келет. Ушул көөдөнүмдө жашап жүрөт. Мен үчүн бир адамдын көйгөйүн чечүү чоң кубаныч. Ушул теманы көтөрүп чыгууну бизге келип жаткан жаштарга көп айтып атам.
— Азыркы жаштардын амбициясы күчтүү да. Алар дароо эле саясат жазам дейт да. Азыр чыны, образдуу айтканда, эмгектеген баладан, өңгөктөгөн чалга чейин саясатчы болуп кетти. “Көчө аралап жүрмөк белем, Ак үй, Көк үйгө барып, саясат жазам”,- дейт…
— Туура, азыркы жаштардын амбициясы аттын башындай. Бир нерсе үйрөнүп калайын, көйгөй жазайын деген ийкемдүү жаштар аз. Биздин учурда жетекчиге өйдө карап сүйлөө деген жок болчу, ал кайда сени жумшаса, же которуп салса, ошол жакка барасың. Мен бир күнү мени жетекчилик «Баластанга» которуп койду. Унчукпай ал жерде иштегем. А азыркыларды антип котормок түгүл, бир жакка жумшоо кыйын. Изденүү деген жок. Азыр техника өнүккөн. Биздин учурда тартыш болчу. “Баластанга” келгенде, 96-жыл болчу. Анда камера деген жок, дефицит болчу. Азыр ар биринде бар.
— Жаш ырчыларга продюсер болуп, ырчыларды алып чыгып жүрдүң. Мирбек Иманбеков сенден кеткени ал сахнага аз чыгып калгандай?
— Ооба, көп эле ырчылар менен иштешип, аларга продюсер болуп жүрдүм. Алардын чыгармачылыгын өркүндөтүү үчүн канча деген энергия, нерв кетет. Ал мээнетиңди түшүнгөнү болду, түшүнбөгөнү болду. Бегимай деген ырчы кызды ала качып кетип, ал өнөрүн таштап койду, чыгармачылыгын эмес, үй-бүлөсүн тандап кетти. Ирлан Таалайбековду чыгардым. Мирбек Иманбеков менен мен келишимдин негизинде 4 жыл иштедим. Ал азыр айылда экен. “Эже, эгер чыгармачылыктан эч нерсе жок калса, анда айылга барып жер казып иштейм»,-дечү. Жер казып иштеп жатат.
— Жакында эле балдар менен бир жерде кызуу болуп отуруп, жанындагы бала гитара менен аны башка чаап, мушташа кеткен видеосу интернетте тарады. Аны көрүп ичиң ачышса керек?
— Албетте. “Жакшылар менен табакташ болбоптур” деп видеону көрүп өкүндүм. “Мирбек, жакшы дос өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, жаманыңды жашырып, жакшыңды ашырат. Жатып албай иште! Бул жашоо калчайт — кармангын! Тумчуктурат — бошонгун!” деп айтаар элем.
— Калчаган, тумчуктурган бул жашоодо өзүң эмнени түшүндүң?
— Эне болууну түшүндүм. Аялзаты үчүн эң башкы бакыт – эне болуу экен. Мен буга чейин жумуш деп эки, үч жерде жанымды үрөп иштеп, анан жаш чыгармачыл адамдардын атын чыгарайын деп ырчыларга “апа” болуп жүрө берип, убакыт уттуруп коюпмун. Кыздуу болгондон кийин менин жашоом таптакыр өзгөрдү. Бассам-турсам эле кызымдын эртеңкисин ойлоп жашап калдым. Кечээ эле жерде жөргөлөп жүргөн кызым бүгүн мектеп окуучусу. Орус мектепте окуп жатабыз. Үч тилди: кыргыз, орус, англис тилин жакшы билет. Кызымдын келечеги кең болуп, бактылуу балалыкта чоңое беришин каалайм!
— Өзүңдүн бактылуу балалыгың кайда, кандай өткөн?
— “Биз дагы сенин боюңда, бактылуу өстүк Таласым” деген ыр бар го. Талас облусунун Кара Буура районуна караштуу Буденый айылында балалыгым өттү. Совет доорунда жашап, билим алып калдык. Биз алты бир тууганбыз, беш кыз, бир бала. Ата-энебиз баарыбызды жакшы тарбиялап, оокатка тың өстүрдү. Ошон үчүн азыр баарыбыз өзүбүздүн буйруган ишибизден токоч таап, тың жашап жатабыз.
— Бала кезден эле “Ала Тоону” көрчү белең?
— Бала кезде орус телеканалынан «Время» берүүсүн көп көрчүмүн. “Ала Тоо”, “Ленинчил жаш”, “Байчечекей, “Чалкан” аттуу гезит, журналдар бар болчу, ошонун баарына жазылганбыз. Окууну бүтүп жатканда, “Апа, Б.Бейшеналиева атындагы институтта режиссерлук факультет жүрөт, студенттерди кабыл алып жатыптыр. Мен ушуну айтып жүргөм”,-деп апама гезитти көрсөткөм. Ошол каалаган кесибиме тапшырып, ийгиликтүү аяктадым. Эмгегиме жараша, минтип буйруган сыйлыктарды алып келе жатам.
Маектешкен Нази БАЯН кызы