Бул окуя Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында болгон. 6-класста окуп жатып, өз өмүрүнө кол салган окуучу кыздын сөөгү бүгүн жерге берилди. Бул тууралуу Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү ММКларга билдирген.
Алардын билдирүүсүнө таянсак, окуя 23-февралда болгон. Үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам, кыз өз жанын кыюуга барган. Үйдөгү акчаны жоготуп койгондугу үчүн атасы кызын урушуп койгон. Атасына таарынган кыз асынып алган.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы