Эрди-катын машыктыруучуга 20 жолу бычак сайып, кармалды

Эрди-катын машыктыруучуга 20 жолу бычак сайып, кармалды

Бул тууралуу укук коргоо органдары “Турмуш” сайтына билдирген. Алардын айтымында, бу кандуу окуя Талас облусунун Кара-Буура районунда болгон.

Укук коргоо органдарынын билдирүүсүнө караганда, 23-февралда, кечки саат 9да Чолпонбай айылында жашаган эрди-катын Кара-Буура райондук балдардын спорт мектебине келишкен. Ал жердеги эркин күрөш боюнча машыктыруучу К.Ага капысынан бычак менен кол салып, мойнуна, башына, бетине 20 жолу бычак сайышкан. Кудай жалгап, машыктыруучу аман калган. Ал өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Кол салгандар дароо кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.