Мындай пикирин экс-президент Роза Исаковна бүгүн Бишкекте өткөн жарандык коомдук жыйынында билдирди. Жыйынга саясатчылар, жарандык коом өкүлдөрү катышып, Кыргызстандагы сот, укук тартибин коргоо органдарынын абалын, келечегин талкуулашты.
Ал жыйында Роза Отунбаева: “Саясий атаандаштык жокко эсе бүгүн. Саясий майданды бир партия ээлеп турат, билгенин кылып жатат. Биз бүгүн азыркы КСДП, анын клон-партиялары жасаган иштерди сынга алып жатабыз. Саясатчылардын, оппозиция өкүлдөрүнүн бийликти сындаган жыйын-талкуулары ураандар менен чектелбестен, 5-6 жылдан кийин күчтүү платформага айлануучу өзүнчө саясий күчкө биригүү планын талкуулашы керек. 2020-жылга карата кубаттуу саясий күч түзүлүшү керек. Аны жакшылап “бышырыш” керек. Бул үчүн сүйлөшүп, өз позициябызды тактап, бир ойго келишибиз зарыл, — деди.
Бул жыйынга Абдыганы Эркебаев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Амангелди Муралиев, Темир Сариев, Феликс Кулов, жана ЖК депутаттары Наталья Никитенко, Жанар Акаев, Курманбек Зулушев, Исхак Масалиев катышты.
Эрзат МЫРЗА