5-мартта жарандык коом Ак үйгө жөө жүрүш жасайт

5-мартта жарандык коом Ак үйгө жөө жүрүш жасайт

Бүгүн Бишкекте жарандык жыйын болду, аны жарандык коом өкүлдөрү уюштурду. Жыйынга жалаң оппозиционерлер: Роза Отунбаева, Абдыганы Эркебаев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Амангелди Муралиев, Темир Сариев, Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Жанар Акаев, Курманбек Зулушев, Исхак Масалиев жана башкалар катышты. Уюштуруучулардын айтымында, президенттик жана өкмөттүк аппараттын бийлик өкүлдөрүнө чакыруу жөнөтүлүптүр, бирок, эч ким келген жок. 

Алгач Жогорку Соттун алдына чогулушат

Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, алгач Жогорку Соттун алдында чогулушат. “5-мартта, биз Эски аянтта, Жогорку Соттун алдында чогулабыз. Андан кийин Ак үй алдына да барып, талаптарыбызды айтабыз, ал жерде президенттик аппарат да, Жогорку Кеңеш да отурат. 5-март – бул сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күнү биз “сот системасы оңолбосо Кыргызстанда башка бийликтердин тизгини тартылбайт, өндүрүш оңолбойт, бизнес өнүкпөйт, инвестиция келбейт” деп айткыбыз келет. Бул митинг – президенттин сөзүн колдоо, себеби, коррупциядан баарыбыз чарчадык. Президент “коррупция менен күрөшөм”,- деди. “Биз сизди колдойбуз, күрөшүңүздү колдойбуз, өзүңүздүн кадамдарыңызды күтөбүз” деп айтышыбыз керек. Кайдыгер эмес бардык жарандар келет деп ишенебиз»,-дейт укук коргоочу.

Ажо айткан, эми аткарылышы керек!

Эскерте кетсек, 8-февралда Коопсуздук кеңешинде сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралып, анда ажо Сооронбай Жээнбеков коррупция боюнча катуу айткан. “Соттордун ишине киришейин деген кымындай да оюм жок. Бирок алар оор кылмыш жасагандарды бошотуп жатышса, кылмыш кылып жатса, мен эмнеге карап турушум керек? Мени эл шайлагандан кийин мыйзам бузуу болгон баардык маселеге киришем. Мыйзам чегинде чара көрөбүз, сотторго. Ар бир чечимди көзөмөлгө ала баштайбыз. Бул маселеге өзүм киришем”, — деп  айткан ажо.

Ажо айтты, эми аны аткарышы керек! Коррупционерлерди соттор бошотуп, таза адамдарды камап жатат. Сотторду тазалоо керек! Таза судья келмейинче, коррупция жоголбойт! Ушул теманы козгогон жарандык коомго үн кошуп, 5-мартта Жогорку соттун алдына келиңиз! Кайдыгер карабайлы, ойлонолу, ойгонолу, кыргызым!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.