Бүгүн, 5-март — сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Дал ушул күнү Жогорку Соттун алдында, саат 10:00до, Коррупция менен күрөшүү митинги өтөт. Тынчтык митингине активист, коомдук жарандар, укук коргоочулар, көрүнүктүү, белгилүү саясатчылар катышмакчы.
Укук коргоочу Рита Карасартова: “Коррупция менен жапа тырмак күрөшсөк эле жеңебиз. Тынчтык митингине келип, “Биз коррупциядан тажадык!” деп үн кошуп кетиңиздер. Ошондо гана бийлик элдин үнүн уга баштайт. Келип, колдоо көрсөтүп кетиңиздер!”,-дейт.
Сен укчукпасаң, мен унчукпасам, анда ким унчугат? Келиңиздер, үн кошуңуздар!
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы