КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү тамада Эшенкул Барпиев Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган. Беш бир туугандын улуусу. Төрт баланын атасы. Эшенкул мырза кызыктуу маек куруп берди. Маекти баштаганда эле, айтылуу Айтматовду оозанды…
— «Айтматовдун айылынан болом, Шекерденмин” деп мактанып айтам. Атактуу айылымда балалык кез жакшы өттү. Апам жалпысынан жетини төрөптүр, экөө чарчап калып, бешөөбүз. Беш бир туугандын улуусумун. Ат чаптырып, сүйүнчү айттырып, 61-жылдын 16-июлунда жарык дүйнөгө келген баламын. Чоң ата, чоң апанын эрке небереси болгом. Бүтүн дүйнө таңгалган жыл эле. 61-жылдын 12-апрелинде космоско адам учуп, “адамзаттын акыл-эси ушуга жеттиби?” деп адамдар таңгалып, уу-дуу болуп аткан жылы, мен төрөлүп атпаймынбы. Ата-эненин тарбиясында болдук. Чоң атамдын төрт эркек уулу болуптур, үч бир тууганынан айрылып, жалгыз эркек баласы, менин атам калыптыр. Атам өмүр бою механизатор болуп өттү.
— Жалгыз бала үчүн чоң атаңыз жогорку окуу жайга тапшырууга жибербей койгон го, э?
— Жок, жогорку окуу жайга жиберишиптир. “Чоң врач болом” деп атам Мединститутка тапшырып, 3-курска чейин окуптур. Атамдын бою мендей эле кичинекей киши болгон экен. Көз алдымда турат. Бойду айтып жатканымдын себеби бар. Бир узун бойлуу орус бала менен чогуу окуп, практикада жүргөндө, бир күнү экөөнө мугалим: “бир өлүктү өлүкканадан алып чыгып, ошону соесуңар”,- дейт. Анан алар жертөлөгө түшүп, өлүктү алып, носилькага салып, лабораторияга алып жөнөшөт. Орус бала алдыда, атам артында экен. Тиги узун бойлуу, орус баланын арышы да чоң, ал бир эмес, эки тепкичти эки аттап ийсе, өлүк атамдын үстүнө кулап түшөт. Атам ошондон чочуп калат. Айылга каникулга келгенде да түшүнөн чочуп, кыйкырып ойгончу экен. Кемпир, чалдын жүрөгү түшөт, “балабызга жин киргенби?” деп, илгери түшүнүк ошондой болчу да. “Ооруп калыпсың, түнү менен кыйкырып чыгуудасың. Жалгыз балабыз болсоң. Эгер кайра окууга кетсең, анда биз топурагыбызды түйүп беребиз”,-деп атып атамды окуудан алып калышкан экен. Анан атам айылда калып, иштеп, өмүрү өткөнчө механизатор болду… 56 жашымда көзү өтүп кетти. Атамдын аты – Ашым, тирүү болгондо 84 жашка келмек экен. Апамдын аты — Ташбүбү. Кичүү иним 69-жылкы, ошол инимди апам 30 жашында төрөгөн. Ошол төрөттөн кийин ооруп, жүрөгүнөн операция болгон. Айтылуу Иса Ахунбаевдин кызы Неля Ахунбаева апамдын жүрөгүнө операция кылган. Врачтардын айтымында, операциядан кийин, апам 15 жыл жашамак. Андай болгон жок, апам 29 жыл жашады. Эсимде, апам көзү өткөнчө диета кармап өттү. 59 жашында көз жумду. Балдарынын баарын үйлөнтүп, жайлантканга жетишти. Мактана турган ата-энем бар эле, өмүрлөрү кыска болуп калды. Апам колхоздо иштеген. Иштерман, мээнеткеч болчу… Экөө тең эртеден кечке колхоздун талаасында жүрчү. Мени атам 5-класстан баштап механизатор кылды, кээде “тигил жакка сен барып кел, аны-муну жеткирип кел”,-деп жумшап калчу. Атамдын ордуна көп жумуш аткардым. 9-класска чейин трактор айдадым. 9-10-класста комбайн айдадым, буудай чапкан кишинин жардамчысы болдум. Кийин өзүм айдап, буудай чаап калдым. Ошентип 10-классты бүттүк. Андагы Фрунзе, азыркы Бишкекке келдик. “Артист болом” деп келген кезде, “Москвадан балдарды тандаганы атайы комиссия келиптир, ГИТИСке (Российский институт театрального искусства — Орус театр көркөм институтуна) алат экен” дегенди угуп калдым. Ал учурда 16 республика бар болчу, ар бир республикадан 12 балага чейин кабыл алчу. Ошондогу сынакка азыркы белгилүү артисттер: Кыргызбай Осмонов, Темирлан Сманбеков, Турусбек Жумалиев болуп, баарыбыз чогуу тапшырганбыз. Биринчи, экинчи турдан өтүп келип, негедир 3-турдан өтпөй калдым. Көрсө, кеп боюмда экен да, кичинекей болуп калыпмын. Боюмдун кыскалыгы эңсеген кесибиме бөгөт болду. Ошентип актер болбой калдым.
— Кайсы актерду жакшы көргөнсүз?
— Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов, Сүймөнкул Чокморов, Болот Бейшеналиевди жакшы көрдүм. Орустардан Олег Янковский, Вячеслав Тихонов, Владимир Высоцкийди жактырдым.
“Мелис Эшимканов менен кат аркылуу таанышкам”
— Окууга өтпөй калгандан кийин, эмне иш кылдыңыз?
— Окууга өтпөй калгандан кийин, анча-мынча жазгандарым бар эле, ошону барактадым. Барактап отуруп, ыраматылык, атактуу журналист, белгилүү саясатчы Мелис Эшимканов менен жазышкан катты таап алдым. Аны менен мектепте окуп жүргөндө кат алышчубуз. Ал менден бир-эки жаш кичүү эле да. Жазгандарыбыз агезде “Кыргызстан пионери”, “Жаш Ленинчиге” чыкчу. Мелис Эшимкановдун жазгандарын ошол жактан окуп калгам. Ал убакта бизге, жазганыбыз үчүн гонорар төлөнчү. Дарегибизге салып жиберишчү. Бир күнү Мелис Эшимкановдон кат келип калды. Эми биздин айылды көркөмдөгөнү укмуш. Эсимде калганын айтайын: “Касиеттүү кыргыз элинин керемет жери, ааламга Айтматовду берген, Толгонай апанын изи баскан, Ысмайыл качкан, Саманчынын жолу калган” деп Айтматовдун он чакты каармандарын куюлуштуруп жазып келип, “атыр жыттуу, шумдук бир жерде жашап жаткан замандашым Эшенкул Барпиевге Ат-Башы жергесиндеги замандашыңыз Мелис Эшимкановдон ысык салам” деп бүтүрүптүр. 75-жыл эле. Мен жооп жазам, сүрөт салам, ал кайра жооп жазат. Кийин эле жазышпай калдык. Ошол бойдон 20 жылдан кийин, 91-92-жылдары Мелисти көрдүм. Чоң журналист болуп, саясатка аралашып турган кези эле. Бир күнү чай ичип отурганда кат алышканыбызды айтсам, эсинде экен. Той-топурда көрүшүп жүрдүк. Эрте өтүп кетти. Жакшы адам эле…
— Той-топур демекчи, Мелис Турганбаевдин тоюнун көбүн сиз алып барат экенсиз, дос турбайсыздарбы. Тойдогу эмгегиңиз кандай бааланат же доспуз деп тойду бекер алып барасызбы?
— Ооба, Мелистин тоюнун көбүн алып баргам. Атасынын алтын тоюн өткөрдү. Кыз берип, келин алды. Бешик той берди. Генералдык наам алып, аны жууду. 50 жылдык мааракесин өткөрдү. Кыскасы, кандай той болбосун мени чакырат. Бардык тоюн алып барган үчүнбү, айтор, атасы тамашалап: “Атбашынын ардактуу атуулу” деген наам берели” деп күлгөн. Ар бир тоюн алып барып атып, алардын үй-бүлө мүчөсү болуп калдым. Ошентсе да Мелис, тааныш-билишке карабайт, тойдогу эмгекти баалайт. Андай жагынан чатагы жок. Кээде мен күтпөгөн сумманы берип коет. Эки эселеп берет.
“Мурда 20 болсо, азыр 600 тамада бар”
— Кандайча тамада болуп калдыңыз эле?
— Кошумча акча табуу үчүн. Тамада болгонго чейинки абалды айтайын. Бишкекке мени ыраматылык белгилүү журналист Бөкөнбай Боркеев чакырган. “Кыргыз радиосуна” дикторлукка келип, ал жерде Тамара Алсеитова менен 9 ай иштедим. Эртең менен саат төрттө ишке келип, 5те программаны аччубуз. Таң эрте келээр элек. Саат экиге чейин иштечүмүн. Жашаган жерибиз жатакана. Алган тыйын жетпейт. Балдар чонойгон сайын чоң жейт дегендей. Балдарды багуу үчүн кошумча жумуш табуу керек болуп калды. Кыргызбай Осмонов, Асылбек Өзүбековдордон сурап калдым, “балдарга кымындай акчаны кантип жеткирип жатасыңар?”,- деп. “Ой биз айлыкты карабайбыз, той-топурга чыгабыз. Миң, бир жарым миң сом алабыз”,-дешти. Анда ал акча чо-оң акча болчу. 96-жыл эле. Анан мен дагы тамадалык өнөрдү баштап калдым. Бат эле эл оозуна алындым. “Таластан бир тапан келиптир, бою кичинекей экен, столго чыгып алат экен”,-деген сөздөрдү угуп калдым. Боюм кичинекей да, стулга чыгып алып сүйлөчүмүн. Бишкек күндөн күнгө чоңоюп атты. Чоңойгон сайын тойлор көп. Тамадалардын саны да көбөйө баштады. 97-98-жылдары 20дай тамада бар эле. Алар: Эсенгул Ибраев, Жолочу Рысбаев, Орозкул Кутманалиев, Келдибек Ниязов, Чолпонбек Базарбаев, Иса Токоев, Кыргызбай Осмонов, Раимжан Курманов, Асылбек Өзбеков. Анда 18 гана тамада болсо, азыр 600 тамада бар.
— Тамаданы азыр бизнеске айлантып алган алып баруучулар да бар. Алып баргандары начар, бирок, баалары өтө кымбат. Буга көз карашыңыз кандай?
— Ооба, тамада жабырап кетти, баасы миң долларга чыкты. Жаштар акча, тыйынга кызыгып баратышат. Салтты билбейт, он чакты макалды жаттап алып, айта беришет. Андайларды эл бир жолу, эки жолу угат, анан тажайт. Акыры иргелет деп ойлойм. Негизи “тамада” деген сөз бөтөн элдики. Кыргызча “жарчы” деп айтылат. Эми мен муну далилдеш үчүн факты менен айтайын. Төлөмүш Океев тарткан “Кожожаш” деген кинодо Мундузбай карындашын күйөөгө узатып жатканда, Орозбек Кутманалиев эр сайыш, жаа атуу жана башка кыргыз оюндарга жигиттерди жетелеп чыгып, аларды тааныштырып жар салат го. Ошондо Кожожаштын баласы: “ата, бул ким?”,-дегенде, “бул жарчы” деп жооп берет эмеспи Кожожаш. Кинорежиссер Төлөмүш Океев менен сценарист Мар Байжиев “жарчы” деп атат. Демек, туура го деп, мисалы мен туура көрдүм. Ары ойлонуп, бери ойлонуп жүргөндө, бир жерден Шайлообек Дүйшеев менен чогуу чай ичип, отуруп калдык. Ушуну сөз кылып, “тамада” эмес, “жарчылык” кылбайлыбы, “туурабы? Кандай дейсиз?”,- десек, ал: “70-80 пайызы туура, бирок, жупуну болуп калат экен. Бир нерсе кошсоңор, дагы ойлонгула, мен дагы ойлонуп, анан жооп берем”,-деген, жообун алигүнчө бере элек.
— Тамадаларды бир жерге бириктирүүгө эмне түрткү болду эле?
— “Келгиле, ар кимибиз ар кайсы жерде, жалгыз болбой, тамадалар бир жерге чогулалы, сүйлөшүп алып, борбор ачалы”,-дегем. 2010-жылдын 17-мартында борбор түптөлүп, биринчи чогулуш болуп, мени төрага кылып шайлашты. “Эми бул борборго тамада издеп келген киши анын жөндөмүн менден сурайт. Ошондуктан, эмне той болсо да мага диск менен алып келсеңер, мен эринбей көрүп чыгайын, анан келген кардарга ошого жараша жөндөмүңөрдү айтам”,-десем, 40ка жакыны эле алып келип, калганы алып келбей койгон. Биздин борборго мүчө болбой калгандар, “Тамадалар ордосун” түздү. Бизде азыр 28 тамада мүчө. Иште эле эмес, үй-бүлө менен катышабыз, ынтымагыбыз бар. Бул ынтымагыбызга 5 ырчы кирген, алар: Кутман Жолдошов, Гүлзат Байзакова, Токтобек Асаналиев, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев. Офис бар. Ал жерде видеого, сүрөткө тарткан балдарыбыз отурат. Офистин чыгымын өздөрү төлөйт. Анткени алар дайыма ошол жерде, а биз анда-санда эле чогулуп калабыз.
“Кой кесүү мен үчүн майрам болчу, анткени…”
— Ата-энеңиз кайсы кесиптин ээси болушуңузду каалачу эле?
— Ветврач, зоотехник, стамотолог, агроном деген кесип, 70-жылдардан 80-жылдарга чейин мода болгон. “Балаңды окутсаң, тиш доктурга окут, же ветврач, же агроном, же зоотехник кыл”,- дешчү ата-эне. Менин да ыраматылык атам: “балам, агроном же зоотехник бол, же мен арманда болуп бүтпөй калган кесиптин ээси — врач бол”,- деп калчу. “Мен артист, кино актер болом”,- дечүмүн. “Ушундай да болмок беле? Бул эмне деген кесип?”,-деп кейип калышчу ата-энем. Мектепте кружоктор көп эле, кружокко, майрамдагы иш-чараларга активдүү катышчумун, алып баруучу да болуп жүрдүм. Интермедияларга катышчумун. 7-класска чейин бардык сабактардан жакшы окудум, ударник болдум. 8-класска барганда, адабият менен тарыхка өтө берилип кеттим. Мектептин китепканасындагы адабий китептердин 70-80 пайызын эки жылда окуп чыктым. Кой кезүүдөн балдар каччу, а мен аябай күтчүмүн. Анткени жайытка барып китеп окуйм да, эки-үч китепти ала кетчүмүн. Койлорду жакшынакай жайытка жаткырып коюп, узунумдан түшүп алып, китеп окуп жатчумун.
“Барсам, жеңем Саламат Садыкова отуруптур”
— Келечекте кайсы кесиптин ээси болдуңуз ошондо?
— КУУнун тарых факультетине тапшырып, биринчисинен өтүп, Панфилов паркында кафеге кирсем, баягы Москвага өтпөй калган балдардын баары ошол жерде жүрөт. “Силер кайдан?”,- десем, “Кыргыз драма театрдын алдында эки жылдык актерлук студия бар экен, ошого тапшырып жатабыз”,-дешти. Мен өз жагдайымды айтсам, “ошондой болмок беле? Атайы артист болом деп айылдан келип, бир жыл өтпөй калсаң эле тарыхчы болуп кетесиңби? Андан көрө, бул жакка тапшыр!”,-деп азгырышты. Алардын азгыруусу менен театрга барсам, 3-тур бүтүп жатыптыр. Комиссияда Бакен Кыдыкеева, Бексултан Жакиев отуруптур. “Жамиладагы” Сейиттин монологун айтып бердим. Бексултан Жакиев Ашым Жакыпбековдун эң жакын досу эле. “Оюң жакшы экен, боюң” дегенде эле, “атамдын бою сиздикиндей”,-десем, күлкүсү келип кетти. Боюмдан дагы өтпөй калбайын дедим да. Ошентип өтүп кеткем. Марат Козукеевдин атасы Жумабек Козукеевден, Гүлшара Дуулатовадан окудум. Окуу күчтүү эле. “Бир жыл курсту бүткөндөн кийин, жогорку окуу жайга тапшырып көргүлө, өтсөңөр өттүңөр, өтпөсөңөр кайра улантып кетсиңер”,-дечү мугалимдер. Ошондо Искусство институтуна тапшырып, беш жыл режиссерлукту окудум. Ал жерден “Театрдын актеру жана режиссеру” деген кесип менен чыктык, 85-жылы бүттүм. Алгач айылда, анан Таласта иштедим. Кара-Бууранын маданият үйүнө чакырышканда барсам, ал жерде Саламат Садыкова (жеңебиз) баш болгон адамдар бар экен. Кыскасы, Кара-Буурада 12 жыл иштедим.
“Караторунун сулуусу деп жактыргам”
— Жакшы ырдаарыңызды билебиз. Ырдаган киши ыр жазат го, а сизчи?
— Ооба, жазам. Көбүнчө сүйүү темасында жазчумун. Жеңеңерге арнаган ырларым көп.
— Жеңебиз кайсы кесиптин ээси?
— Искусство институтун менден кийин бүткөн, бир курс ылдый окуду. Таластык, Көпүрө Базардын кызы. Аты – Ырыскан. “Караторунун сулуусу” деп жактыргам. Анын атасынын аты — Ашымбек, менин атамдын аты — Ашым. Анын атасы да, менин атам да — тракторист. “Үйлөнсөң боло, Таластан эле ал, абасы, суусу бир. Анын үстүнө жакын. Алыска баралбайбыз, жакын болсо куда сөөк менен катташып турабыз”,-дешчү ата-энем. (Күлүп) Жеңеңерди таластык деп жакшы көрүп ала коюпмун. Айылы алыс экен. Шекерден Көпүрө Базарга барганча, Бишкекке келгендей эле болдук… Жаш кезде аябай эле кыйналдык, кысталдык. Анын баары артта калды. Азыр Кудайга шүгүр. Бир кыз, үч уулубуз бар, бардыгын үйлөнтүп-жайланттык. Менин баскан жолум кыскача ушул.
Маектешкен Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы