Эркингүл ИМАНКОЖОЕВА, экс-депутат: “Эртең 1 тонна бешбармак, 100 метр чучук жегенге келгиле!”

Эркингүл ИМАНКОЖОЕВА, экс-депутат: “Эртең 1 тонна бешбармак, 100 метр чучук жегенге келгиле!”

Дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине улуттук тамагыбыз бешбармактын кирерине саналуу гана күн калды. Эртең, 11-мартта, Аю комфорт гранд” компаниясынын короосунда 7 жылкы союлуп, бир тонна беш бармак, 100 метр чучук жасалат. Бул боюнча экс-депутат Эркингүл Иманкожоевага суроо узатып, пикирин билдик.

— Эркингүл эже, эртең 1 тонна бешбармакты көргөнгө барасызбы?

-Негизи биздин кыздар, Элнура Кулуева менен Дана Абдыбековалар жакшы идеяларды көтөрүп, мыкты долбоорлорду ишке ашырууда. Буга чейин “Ак элечек апалар” долбоорун өткөрүштү. Эми минтип “Бешбармак” долбоорун ишке ашырып, Гиннес китебине киргизсек деп чуркашууда. Ушундай жакшы идеяны колдоп, демөөрчү болуп жаткан эр-азамат жигиттерибизге да чоң рахмат. Өзүбүздүн улуттук тамак ылайым Гиннеске кирип калса экен. Ал жерге да “ак элечек, ак калпак менен келгиле!” деген чакырык таштап жатышпайбы кыздарыбыз. Бул туура, улуттук тамакка улуттук кийим кийип барган жакшы көрүнүш. Негизи эле мен улуттук баалуулуктарды баалайм жана өзүбүздүн кыргыз кийимди кыз-келиндер кийишин каалайм. Бетин жаап, паранжы, хиджаб кийгендерге каршымын. Бул биздин кийим эмес. Дин деп эле ар ким аны ар кандай кабыл алып, түшүнүп, агымдан адашып, хиджаб кийип жатышат. Бул туура эмес. Аялдар ак элечек, эркектер ак калпак кийсе жаманбы? Көзгө абдан жакшы көрүнөт. Мисалы, мечиттен улуттук кийимдерибиз менен чыкса жаманбы? Мен мечитке барып, намаз окууга каршы эмесмин, бирок, кийимине каршымын. Дин деп бөлүнбөйлү, баарыбызга бир Кудай. Бөлүнбөй, ынтымак менен эртең, 11-мартта, кыздардын идеясын колдоп, бешбармакка келиңиздер, бата бериңиздер! Кудай буйруса, биз дагы барабыз.

Дареги: Бишкек шаары. Чолпон Ата-Горький көчөлөрүнүн кесилиши.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.