Бишкекте 117 метр чучук даяр, 1 тонна бешбармак бышууда»

Бишкекте 117 метр чучук даяр, 1 тонна бешбармак бышууда»

Бүгүн, 11-мартта, Бишкекте «Аю гранд комфорт» соода борборунун алдында бешбармак казанга салынып, бышырылып жатат. Өтүп жаткан иш-чаранын негизги максаты — бешбармакты Гиннестин рекорддор китебине киргизүү.

Мындай саамалыкты «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфморт” фирмасы менен менен чогуу уюштурууда.

Уюштуруучулардын бири Жамалбек Ырсалиевдин айтымында, сегиз жылкы союлган, жалпы бир жарым тонна килограммга жакын эт бышырылды. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган. Ал эми Кулуева Элнуранын айтымында, колго жайылган камыр да даяр. 110 метрден ашык чучук да даяр.

Эскерте кетсек, бүгүн, мындай иш-чара менен кошо Ак калпагыбыз да ЮНЕСКОго кирүү алдында турат.

Жогорудагы СҮРӨТ «Азаттыктан» алынды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.