Бул окуя бүгүн күндүз Талас облусунун Кара-Буура районунда болгон. Маалыматка караганда, «Манас» орто мектебинде 10-класста окуган кыз өз жанын кыйган, анын асынган сөөгү өзү жашаган үйдөн табылган. Кыз багып алган ата-энесинин үйүндө тарбияланып жаткан деген да маалымат бар. Бул окуя боюнча жергиликтүү милиция иликтеп жатат.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы