ЖЭЭНБЕКОВ: «Мен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербейм!»

ЖЭЭНБЕКОВ: «Мен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербейм!»

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-апрелде, 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга «Мекен Шейиттери», «Эр Теги», «Апрель Баатырлары», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Айкөл Таза Коом», «Апрель байрагы»,  «Элдик сакчы», «Элдик кайрат», «Мекен үчүн», «Орток шамы» коомдук уюмдарынын,  «Патриот» ыктыярдуу элдик кошуунунун, жана «Каркыра» элдик кошуунунун өкүлдөрү катышышты.

Жолугушуу куран түшүрүүдөн башталды. Президент “кыргызстандыктар Элдик апрель революциясынын баатырларын эч качан унутпайт”,- деп баса белгиледи. «Канча мезгил өтсө да бул окуялар эч качан унутулбасына ишенем. Тескерисинче, бул күнгө элибиз сый-урмат менен мамиле жасап, баатырлардын эрдиги кыргызстандыктарды жаңы жетишкендиктерге шыктандырат. Үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы күрөштүн башатында турган адам катары мен 2010-жылдын апрелиндеги жеңиш кандай оорчулук менен келгенин билем. Ошондуктан Президент катары мен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербеймин деп кепилдик берем. Көптөгөн адамдар өлкөдө кайрадан айрым саясий топтордун кызыкчылыктары үстөмдүк кылышын каалай турганын билем, бирок мен ага эч убакта жол бербейм. Биздин өлкөбүздө парламенттик демократия өнүгүшү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Биздин келечегибиз ушуга байланыштуу болот», — деди президент.

Жолугушуунун аягында мамлекет башчы бүгүнкү жолугушуунун катышуучуларынын ар бирин өз-өзүнчө кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.