“Ала Тоо” рестораны Бабановдуку эмес, Исаковдун таяжесиники экен…

“Ала Тоо” рестораны Бабановдуку эмес, Исаковдун таяжесиники экен…

“Ала Тоо” ресторанын тээ салынгандан бери эле “Бабановдуку экен” деп келатышат. Ал жерде өткөн жакындагы эле үйлөнүү үлпөттө көпчүлүк коноктор тоок этинен ууланды. Уулангандардын акыбалы жөнүндө айтып, жазып жаткан айрым журналисттер “Бабановдуку” деп жиберишти.

Көрсө, ал азыркы Өкмөт башчынын тууганыкы экен. Тагырагы, ал ресторандын ээси ким экенин “Говори ТВ” мындай деп жазып чыкты: “230 адам ууланып өлүм менен кармашып жатса, Мамалекеттик Санэпидем көзөмөл борбору «Ала Тоо» ресторанына 25 000 сом айып салып койсо болобу. Эмнеге мындай аз өлчөмдө айып пул салынганы бүгүн белгилүү болду. Көрсө, ресторан Сапар Исаковдун апасы Нургүл Өмүрбаеванын бир тууган сиңдиси Бакыт Өмүрбаевага таандык экен. Азыр тойкана белгисиз мөөнөткө жабылып турат. Эртең эле ачылып, күүлдөп иштеп кирсе таң калмай жок”.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.