28 жаштагы ырчы Нурлан Насип менен 27 жаштагы ырчы Асел Кадырбекованын үйлөнүү үлпөтү жакындап калды. Нурлан Аселдин колун анын туулган күнүндө (20-мартта) өзү сурап, колуна шакек салган болсо, бүгүн (8-апрелде) ата-энеси Аселдин ата-энесинин алдына кулдук уруп барып, кызынын колун сурап барып, кулагына сөйкө салышты. Жакында той, той, той болот.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы