Башкы прокурор Индира Жолдубаева ээлеген кызматынан бүгүн бошотулду. Президент Сооронбай Жээнбеков жарлыкка кол койду. Ошентип 14-башпрокурор кетти. Кызыгы – эң биринчи башкы прокурор Чолпон Баекова Индира Жолдубаеванын бир тууган таежеси болуптур.
Бул таасирлүү кызматта кимдер иштеп кеткен? Анда эмесе, Эгемендүүлүк алгандан берки башкы прокурорлордун тизмесине көз чаптыралы.
- Чолпон Баекова (1991-1993)
- Асанбек Шаршеналиев (1993-2000)
- Чубак Абышкаев (2000-2002)
- Мыктыбек Абдылдаев (2002-2005)
- Мурат Суталинов (2005-жылдын 23-мартынан апрелге чейин)
- Азимбек Бекназаров (2005-жылдын апрелинен сентябрга чейин)
- Бусурманкул Табалдиев (2005-жылдын сентябрынан октябрга чейин)
- Камбаралы Конгантиев (2005-2007)
- Элмурза Сатыбалдиев (2007-2009)
- Нурлан Турсункулов (2009-2010)
- Байтемир Ибраев (2010-жылдын апрелинен сентябрына чейин)
- Кубатбек Байболов (2010-2011)
- Аида Салянова (2011-2015)
- Индира Жолдубаева (2015-2018)
2005-жылы, Бакиев бийлиги келгенде, бир жылда эле төрт башкы прокурор алмашыптыр. Эң аз, бир ай эле иштеп кеткен Мурат Суталинов болуптур. Ким кандай иштегенин билесиздер. Өзгөчө 14-башкы прокурор Индира Жолдубаева Алмазбек Атамбаевге жакшы кызмат кылып берди. “Атасы” кеткени жолу болбой калды… Ошентип, бул орунга ким келет деп 15-прокурорду күтүп калдык.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы