Жаңы шайланган 30-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңыча иш баштады. Ал жолду бөгөп, элге жолтоо болбош үчүн кортежден баш тартып, атүгүл мындай көрүнүшкө тыюу салды. 21-апрелде УКМКнын жаңы жетекчиси Идрис Кадыркуловго ашыкча күзөтчүлөрдү жана коштоону алып салууну буйруган.
Баса, бүгүн жумушка Өкмөт башчы саат 7.30да эс коштоосуз эле өзү келгени маалым болду.
Эрзат МЫРЗА