“Райым миллион” Сапар Исаковду сотко бердиби?

“Райым миллион” Сапар Исаковду сотко бердиби?

“Райым миллион” атыккан Мамлекеттик Бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимов экс-премьер-министр Сапар Исаковду жумуштан туура эмес кетиргени үчүн сотко бергени тууралуу жазып чыгышкан.

Бул маалыматты Kaktus.media редакциясы тастыктоо үчүн Бишкектеги төрт райондук сотко чалып, Райымбек Матраимовдун арызы боюнча сурашса жок болуп чыккан. Болгону Замирбек Матраимовдун арызы чыккан, бирок, ал арыз Сапар Исаковго тиешеси жок. “Райым миллиондун” бир тууганы, ЖК депутаты Искендер Матраимовдон сурашса, ал дагы андай арыздан кабары жок экендигин билдирген. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, алдыда андай арыз боюнча кыймыл бар окшойт…

Эскерте кетсек, Райымбек Матраимов өткөн жылдын аягында андагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.