Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов УКМКка чакырылып, эки саат сурак берди. Ал жактан чыккан соң журналисттерге себебин айтып берди:
Суроо мен Бишкек мэри болуп иштеп турган кезде TBEA компаниясы мектеп курулушу үчүн берген гранттык каражатты кымырууга байланыштуу болду. Ушул гана суроо. Биз ТВЕА компаниясынын грантына Калыс-Ордо жаңы конушунда мектеп курдук. Бүт баары мыйзамдуу болгон, мектеп турат.