Депутат Дастан Бекешов “каматкан” Темирлан Ормуков абактан чыкты

Депутат Дастан Бекешов “каматкан” Темирлан Ормуков абактан чыкты

Көзү азиз активист Темирлан Ормуков бүгүн абактан чыкканы тууралуу Адил Турдукулов билдирди. Эскерте кетсек, Т. Ормуков мурдагы президентти сындаган ырына байланышуу айыпталып, камакка алынган. Милицияга КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев арыз жазган. Бишкектин Октябрь райондук соту Ормуковду «соттук отурумдарга келбей жатат» деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 5-апрелде Ормуковду ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кетип, № 1 тергөө абагына камаган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.