Белгилүү ырчы Сайкал Садыбакасованын өкүл энеси, индия, түрк, орус тилдеринде ырдаган Самара Каримова жакында эле 27 жашка толду. Ушул жашында эле КРнын эмгек сиңирген артисти, М.Өмүрканова, Т.Турсунбаева атындагы сыйлыктардын лауреаты болууга жетишти. “Ийгиликтерди жаратчу нерселер али алдыда” деп чыгармачылыктын үстүндө тынымсыз эмгектенип жаткан ырчы бүгүнкү Энелердин майрамы менен куттуктап, кызыктуу маек куруп берди. Жолдошунан 23 жаш кичүү Самара үч баланын энеси. Маекти эне болуу бакытынан баштадык.
— Самара, бүгүн Энелердин майрамы. Кечээ эле эненин эрке кызы болсоң, бүгүн өзүң энесиң. Эне болуу кандай экен?
— Алгач мен учурдан пайдаланып, ушул жарык дүйнөгө мени алып келген апамды, өз кызындай кабыл алган апамды (кайын энеси) жана бардык энелерди бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Быйылкы энелердин майрамы Ыйык Рамазан айына туш келди. Орозо тутуп жаткан апалардын, кыргыз калкымдын орозосу кабыл болсун. Апалардын майрамы бир күн менен эле чектелбестен, ар бир күнү бүгүнкүдөй майрам болсун!
Бул жашоодо эне болуу өзүнчө бир чоң бакыт тура. Чыныгы бакытты балалуу болгондо билет экенсиң. Туура айтасыз, мурун мен эрке Самара болсом, азыр үч баланын энесимин. “Балам балалуу болгондо билесиң” дегендей, балалуу болгондон кийин, апамдын түн уйкудан калып, сегиз баланы бапестеп багып, өстүрүп, тарбия бергенин билип, апама таазим кылдым. Сегиз бир туугандын жетинчисимин: Бактыгүл, Сайрагүл, Айнагүл, Миргүл, Алымкан, Уулжан аттуу алты эжем бар, эжелеримди да бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Эжелерим ар башка кесиптин ээси, баары турмуш куруп, өздөрүнүн үй-бүлөсү менен алек. Менден кийин Сагынбек аттуу иним бар. Үйдөн иним экөөбүз чыгармалыкка жакын болдук. Иним жакшы ырдайт, аккордеон тартып, комуз, гитара чертип, ооз комуз, фортепиано, клавиша, барабанда, флейтада ойнойт. Азыр саксофон сатып алып, үйрөнүп атат.
— Чыгармачылыкта иниң экөөңөрдүн итиңер чөп жеп турган чагыңар. Ар кайсы аймакка чакырылып, эл, жер кыдырып жүрөсүң, үйүңдө көп болбойсуң. Андай учурда балдарыңды ким карайт же үй кызматкериңер барбы?
— Кудайдын колдоосу, ата-энебиздин ак батасы менен ушундай даражага жеттик. Апам өнөр адамдарын баалайт. Чыгармачылыкта жолдошум, апаларым дем-күч берип, колдоп, жылуу сөз айтып, жардам берген үчүн алдыга жылуудамын. Эл, жер кыдырып, өнөрүмдү тартуулап кеткенде балдарымды таянеси карап калат.
— Сени да таянең баккан турбайбы?
— Ооба, таенемдин колунда өсүп, батасын алганмын. Таянем колунан көөрү төгүлгөн уз, санжыраны, жомокту, тарыхты мыкты билген, жамакчы адам эле. Элди эмдеп-домдоп, чөп-чар менен айыктырып койчу касиети да бар болчу. Көрөгөч эле. Себеби, “сен чоңойгондо элге таанымал, атактуу адам болосуң” деп калчу. Апам урушса, мага болушуп: “элдин кызы болот, андыктан кызыңды урушпай жүр!”,-деп калчу. Анын сыңарындай, эл алдында ырдап, таанымал ырчы болдум. Өкүнүчтүүсү — жылдызым жанып, эл алдына чыкканымды көрбөй калды. Ооруп, көзү өтүп кеткен. Көзү өтсө да, сөзүн өткөргүм келбейт. Жаркын элесин, буюм-тайымын унута албайм. Таянемдин сонун чачпактары, сөйкө, шакектери бар болчу, аны ары-бери сүйрөп, куурчактарыма тагып ойноор элем. Ошол буюмдары канчалык барктуу экенин эселек кез болуп билбейм калдым. Эс тартып калган учур болгондо катып алмак экем деп калам.
— Таянеңдин жаманчылык өнөрү сага өткөн турбайбы. Дегеним “Айтышка” катышып, төкмөчүлөр менен айтышып калган өнөрүңдү да көрүп калдык. Бирок ал өнөрүңдү таштап салгандайсың. Эмнеге?
— Таянемден жамакчылык өнөрү мага өтүптүр. Төкмөчүлөр менен төгүп ырдабасам да, жамактап айтышып калдым. Жамактап ырдаган өнөрүмдү өркүндөтүү максатта Кыргыз Эл артисти Элмирбек Иманалиев “Айтыш” коомуна чакырып, колдоо көрсөткөн. Тилекке каршы, ал жакка барууга убакыт таппадым. Анын үстүнө төкмөчүлүк өнөргө өтө жоопкерчилик менен кароо керек да, үстүртөн караган болбойт. Күндүр-түндүр изденүү керек. Убакыттын тардыгына байланыштуу таштап койдум.
— Ырчылык өнөрүң болсо тукумуңда бар турбайбы. Ата-энең да ырдайбы? Эл алдына болбосо да, тар чөйрөдө дегеним го…
-Жок, ырдашпайт, бирок, өнөр адамдарын баалайт. Атам Эрмек Каримов орус тили мугалими, апам дарыгер. Ата-энем өмүр бою өз кесиптери менен иштеп келишкен, азыр ардактуу эс алууда. Негизи эле чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлүп, чоңойгом. Атам башка кесиптин ээси болгону менен аккордеон, комуз жана башка музыкалык аспаптарда мыкты ойнойт. Комуз, аккордеондун үнү менен чоңойдум. Артисттер айылга концерт коюп барышканда биздин үйгө түнөшчү. Ошолор адамдардын таасири мендеги таланттын ачылышына түрткү болду окшойт деп ойлойм. Токон Эшпаев, Абдыманап Төрөбеков, Жолболду Алыбаев, Бабаравшан Тургунбаев, деги эле улуу муундагы чыгармачыл адамдардын көбү аяш аталарым болот. Ушундай улуу адамдардын колдоосу менен чыгармачылыкта шыктанып келатам.
— Учурда Оштогу Султан Ибраимов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында актриса болуп эмгектенүүдөсүң. Саясатчы, коомдук ишмер Султан Ибраимов ким болгонун жана драмтеатрга ал кишинин аты эмнеге берилгенин билесиңби?
— Айтылуу, атактуу адамды билбесем уят болот го. Саясатта өз орду, кадыр-баркы бар Султан Ибраимов саясатчы, коомдук ишмер болгон. Чүй аймагынын Алчалуу айылында туулган адамдын аты Оштогу драма театрына берилип калганы, албетте, ар бир адамга кызык болсо керек. Мен да кызыгып, аталган театрда иштеген Эл артисттерден сурагам. Алардын айтымында, Ош драма театрынын салынышына Султан Ибраимовдун эмгеги чоң болуптур. Жөнөкөй, өнөрдү сыйлаган адам болуптур, күнүгө жумушчу кийимдерин кийип алып, келип: “бүтүргүлө!” деп шаштырып, көзөмөлгө алчу экен. “Ал киши көзөмөлгө алып, шаштырбаса, бул театр бүтмөк эмес” деп атын сыймыктануу менен айтып, эскерип калышат. Улуу кишинин эмгегин бизге улуу муун айтып бергенден кийин, кийинки муунга сыймыктануу менен айта жүрүү биздин милдет, парз деп ойлойм.
— Сыймыктанган театрда иштеп жатканыңа канча жыл болду?
— Жети жыл болду. 2011-жылдан бери эмгектенип келатам. Бул жерден көптөгөн ролдорду аткарып, такшалып келатам. Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Султан Раевдин калемине таандык “Илегилек” спектакли коюлуп, аншлаг менен өттү жана өтүүдө. Анда мен башкы ролду жаратканым элге өзгөчө ачылыш болду окшойт. Себеби, буга чейин бул драмада башкы каармандын ролун Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова ойногон экен. Биз сыймыктанып, сыйлап келаткан Жамал апабыз сахнага чыгып, менин аткаруучулук чеберчилигине ыраазы болуп, батасын берген. Ушундай улуу адамдардан батасы менен ишим жүрүп келатса керек деп ойлойм. “Илегилек” ийгилик жаратты. Бул спектакль менен биз Кыргызстанды кыдырдык, эл жакшы кабыл алды. Чет өлкөдө да коюлат деп ойлойм. Жашмын, андыктан, мен жаратчу ийгиликтер али алдыда…
— Улуу адамдар: М.Өмүрканова, Т.Турсунбаева атындагы сыйлыктардын лауреатысың. “Таттыбүбү Турсунбаеванын образын жараткым келет” деген маегиңди окуп калганбыз. Сенин келбетиңди окшоштургандар да болгон. А өзүң кандай ойдосуң?
— Оо, андай асыл адамдын талантына, сулуулугуна жетиш кайда?! Ошондой адамдардай аткарсам, ошондой талантка жетсем деген кыял да. Таттыбүбү Турсунбаеванын талантын сыйлап, сулуулугуна кичине кезимден эле суктанчумун, кинолорун көрүп, “ушундай актриса болсом” деп кыялданчумун. Актриса болуп, Т.Турсунбаева атындагы сыйлыкты алып жүргөнүмө сыймыктанам.
— Өзүң иштеп жаткан театрдан багыңды тапкан жолдошуң менен да сыймыктанып келесиң, Жолдошуң жөнүндө ар кандай сөздөр көп, “бай, миллионер” дешет, миллионерби?
— Ооба, балдарымдын атасы — Асан Мансуров экөөбүздү театр табыштырган. “Баары буйруктан” дегендей, буйрук экен, чыгармачылыктын артынан экөөбүз баш кошуп, түтүн булатып калдык. Чыгармачыл адам болгондуктан, Кыргызстанды түрө кыдырганымды туура түшүнүп, колдоп келет. Кесиби боюнча музыкант. Ош педагогикалык институтунун музыкалык факультетинин аккордеон бөлүмүн бүтүргөн. Менин жолдошумду “бай, миллионер” деп айтып келишет. Аны укканда “ооздоруна май, болсун, болсун” деп коебуз. Буга чейин деле айтып келгем, дагы кайталап коеюн, жолдошумдун өзү эмес, жан дүйнөсү миллионер.
— “Чыгармачыл адамдар ак кол болушат” дешет. Ак колсуңбу?
— Ооба, ошентип айтышат. Бирок, мен андай эмесмин. Мен эшикке чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын ишин кылып, турмуш-тиричиликке бышкан кыргыз кыз-келиндеринин катарындамын. Мүмкүнчүлүк, убакыт болуп калса эле бардыгын жасоого колумдан келишинче аракет кылам.
— Лейлектик болгондон кийин, лейлек килемин токуганды билсең керек?
— Ооба, билем. Лейлек килемин токуганды таенемден үйрөнгөм. Бардык түрүн токуу колумдан келет. Кайненем да килем токуйт. Колум бошогондо кол кабыш кылып турам.
Маектешкен Нази БАЯН кызы
Самара Каримованын аткаруусундагы “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” аттуу ырды кабыл алып коюңуздар, улуу урматтуу, асыл, алтын апалар!
2 thoughts on “Самара КАРИМОВА, ырчы: “Жолдошумдун өзү эмес, жандүйнөсү миллионер””