Бүгүн Кубанычбек Кулматовдун үйүндө тинтүү болду

Бүгүн Кубанычбек Кулматовдун үйүндө тинтүү болду

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун үйүнө тинтүү болгонун “Азаттыкка” ырастаган. Бирок, ал кайсы жердеги үйүнө тинтүү болуп, кайсы орган тинткенин айткан эмес. Бул боюнча УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановго кайрылышканда, ал тастыктаган да, төгүнгө да чыгарган эмес.

Атамбаевдин «Апрелине» арман айтышууда…

Эскерте кетсек, 14-майда К.Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинен өз арызы менен кызматтан кеткен. Ошондон үч күн мурда УКМКга чакырылып, сурак берген. Кулматов кызматтан кетишин саясат менен байланыштырган. «Апрель» телеканалы аларга: Кубанычбек Кулматовго, Сапар Исаковго, Индира Жолдубаевага, Абдил Сегизбаевге «саясий куугунтук»  болуп атат деп беришти. Сапар Исаков да ошондой деп айтууда. Кыскасы, Атамбаевдин ишенимдүү адамдары кызматтан түшкөндөн кийин Атамбаевдин «Апрель» телеканалына армандарын айтышууда.

Кулматовдун күнөөсү эмнеде?

ЖЭБ (ТЭЦ) боюнча ызы-чууга, Кытайдан алынган акчага Кулматовдун дагы аты аталууда. ЖЭБди модернизациялоого 386 млн. доллар жумшаган кытайлык ТВЕА компаниясы бул суммадан сырткары 2 млн. доллар грантка мектеп салып бермек болгон. Ал суммага “Калыс-Ордо” конушуна 1200 орундуу мектеп жана бала бакча курулмак. Кытай компаниясы бөлүп берген акча менен курулуш иштерин баштаган эки компаниянын иштери экспертизадан өтпөй калып, иш токтоп калып, кийин иш «Айкөл курулуш» компаниясына берилип, мектепти ошолор бүтүргөн. Аларга Кытайдын акчасынан тышкары Бишкек шаардык бюджетинен 104 млн. сом бөлүнүп берилген. Бул боюнча былтыр башкы прокуратура “Айкөл курулуш” компаниясы менен мэриянын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоп, мектепти курууга мамлекет берген сумманын 91 миллиону жашырылганын жарыялаган. «Жеген-ичкендери» боюнча иш териштирилүүдө. Аттары аталып калчу күн алыс эместир…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.