Бул тууралуу Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына орус тилинде жазып чыкты. Ток этер жерин айтканда, анда ал Атамбаевдин кечээ Кубанычбек Кулматов менен Сапар Исаковду жактаганын туура эмес көрүп, эки жүздүүлүк катары баалаган. Андан тышкары, ал Атамбаевдин тарыхы бар КСДП партиясынын арты менен кылып жаткан ишине нааразы болгонун, учурда аны төрагалыктан алып, атүгүл партиянын тизмесинен чыгаруу маселеси каралып жатканын билдирген.
Сагынбек Абдрахмановдун жазганы толугу менен төмөндөгүдөй:
—Мы возмущены тем, что Алмазбек Атамбаев сегодня пытается спрятаться за историческими заслугами нашей партии — СДПК. Верх лицемерия, когда Атамбаев называет товарищами бакиевских прихвостней Сапара Исакова и Кубанычбека Кулматова! Наши товарищи погибли 7 апреля именно борясь против коррупции и власти беспредела. Однако, придя во власть ценой этой крови, Атамбаев направил все свои усилия на свое личное обогащение, раздав власть кроме сотрудников ЦАРИИ так же своим шоферам и телоохранителям.
Мы заявляем о том, что в настоящее время мы завершаем подготовительные работы к созыву внеочередного съезда СДПК. Алмазбек Атамбаев присвоил неограниченную власть не только в государстве, но и в СДПК. Уничтожены остатки внутрипартийной демократии, но мы не позволим того, чтобы он использовал и дальше партию, теперь уже во имя защиты себя и своих проворовавшихся дружков “товарищей” от справедливого возмездия. Мы не успокоимся, пока Алмазбек Атамбаев не будет не только смещен с поста председателя партии, но и исключен из СДПК.
Эскерте кетсек, кечээ, 6-июнда, А.Атамбаев С.Исаков, К.Кулматов, О.Артыкбаевдин камакка алынуусу боюнча билдирүү тараткан. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы