Атамбаев генерал кылган Бакиевдин «куйругу” Данияр Абдыкаров кайда экени тастыкталды

Атамбаев генерал кылган Бакиевдин «куйругу” Данияр Абдыкаров кайда экени тастыкталды

ИИМ орун басары Данияр Абдыкаровдун өлкөдөн чыгып кеткени боюнча маалымат текшерилип, кайда экени тастыкталганын аталган министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди. Ал алгач: “Абдыкаров эмгек өргүүсүнө (отпускага) чыккан. Учурда айрым маалымат каражаттары Абдыкаровдун Казакстан аркылуу Түркияга учуп кеткенин жазып жатышат. Бүгүн бул боюнча тиешелүү кызматтар текшерип жатат. Бирок ар бир милиция кызматкери чет мамлекетке чыгыш үчүн тиешелүү жетекчинин уруксатын алыш керек. Андай уруксат Абдыкаровго берилген эмес, — деген.

Бир аз убакыт мурун, Данияр Абдыкаров кайда экени боюнча билдирүү таратты. Бакыт Сеитовдун маалыматына караганда, алар аны менен байланышып, кайда экенин тастыкташкан. Ал өмүрлүк жары, баласы менен 3-июнда Түркияга эс алып келүүгө учуп кеткенин, ал күн дем алыш күнү болгондугуна байланыштуу өлкөдөн чыгууга уруксат кагазын алууга жетишпей калганын, 11-июнда Кыргызстанга учуп келээрин, 12-июнда ишке чыгарын, дал ошол күнү  бул боюнча түшүндүрмө берерин билдирген. 

Талас эли Бакиевдин бийлигинен бери Данияр Абдыкаровго нааразы

Атамбаев генерал-майор кылган Данияр Абдыкаровдун дарегине парламентте да, ММКларда да сын-пикирлер буга чейин айтылып, жазылып келген. Ага экс-президент А.Атамбаев былтыр “милициянын генерал-майору” жогорку наамын берген. Ошондо таластыктар: «кайсы эмгеги үчүн генерал болду?”,- деп нааразы болуп, ал жөнүндө кат жазышкан.

Ал буга чейин кандай иштерди кылган катты бу ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.