Алмазбек АТАМБАЕВ: “Исаковду, Кулматовду эптеп шылтоо таап, камоону көрүп турам”

Алмазбек АТАМБАЕВ: “Исаковду, Кулматовду эптеп шылтоо таап, камоону көрүп турам”

Кечээ кечинде камакка алынган Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов жана бүгүн камакка алынган О.Артыкбаев боюнча бүгүн экс-президент, КСДП партиясынын төрагасы А.Атамбаев үн катты. Ал аларды камакка алуу тууралуу чечим коррупция менен күрөшүү эмес деп эсептейт экен.

Бажыдагы уурулуктун масштабдарын ачып көрсөткөн мамлекеттик ишмерлерди камакка алуу туурасындагы кечээки чечим, бул иш жүзүндө бажы кызматынын көмүскө кардиналы катары белгилүү “Раим-миллиондун” бийликтеги достору, колдоочулары тарабынан болуп жаткан өч алуу. Исаковду, Кулматовду эптеп бир шылтоо таап, камоо милдети коюлганын көрүп турам. Алар тергөө тарабынан коюлуп жаткан айыптоолордун негизин түзгөн чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ыйгарым укуктары болбогонун расмий түрдө билдирем. КСДПнын жигердүү башка мүчөлөрүн, анын ичинде Жалал-Абад шаарынын экс-мэри С.А. Авазовду жана Жогорку Кеңештин депутаты О.М. Артыкбаевди куугунтукка алууну да негизсиз деп эсептейм. Коррупцияга каршы кызматтын учурдагы директору сыяктуу элпек достору өлкө президенти С.Ш. Жээнбековду опурталдуу жолго түртүп жатышат. Мен ага өзүнө мурун эскерткен элем, ал эми ушул жылдын мартында дагы бир жолу өзүмдүн басма сөз жыйынымда айтканга аргасыз болдум» деп айтылат Атамбаевдин билдирүүсүндө.

Атамбаевдин бул билдирүүсүнө Ак үй тарап комментарий бере элек.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.