Данияр НАРЫМБАЕВ: «Нариман Түлеев нак душманы менен соодалашып, мени каматкан»

Данияр НАРЫМБАЕВ: «Нариман Түлеев нак душманы менен соодалашып, мени каматкан»
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев Нариман Түлеев экөөнүн жамандыктагы чыры боюнча Govori.TV” сайтына айтып бериптир. Ал төмөндөгүдөй:

Алгач мен маркумдун жакындарынан кечирим сурайм, анткени, жамандыкта чыр болбошу керек болчу. Анын үстүнө мен бул окуяны комментарийсиз калтырайын дегем. Себеби, кайгылуу ишчараны орой инциденттин тегерегиндеги талкуу менен булгаган болбойт. Андагы окуя боюнча унчукпай эле коеюн дегем, бирок, өз чындыгымды айтууга мажбурлаган Түлеевдин жалган сөзү болду. Мен чынында, арзыбаган талашка аралашып, Тулеевдин арзан пиарына катышкым да келген эмес. Бул бир. Экинчиден, ал экөөбүздүн ортобузда гана кала турган эркекче иш эле. Бирок, Түлеев интервью берип, калп айтып чыкты. Анысы эркектикке жатпайт. Ал ар дайым калп айтып, арзан пиар кылып эле басып жүрөт. Бул мага карата провокация болгон үчүн, мындан ары бул окуянын тегерегиндеги сөздөргө да, иштерге да катышпайм. Аны ким түрмөгө каматып, ким акчасын алганын ал өзү жакшы билет. Бирок, ошол нак душманына зыян келтире албай, аны менен соодалашып туруп, мени каматкан. Ал башкалардын оюнунда оюнчук болгонго макул болгон. Ошону менен эркиндигин сатып алды. Кызыгы, азыр ошол душманы алсырап калса да, коркоктугунан ага эмес, мага асылганын койбой келет.

Үчүнчүдөн, ал эмес, мен саламга кол сунбадым. Ал жерде турган адамдар менен гана учураштым. Учурашкан адамдар менен сүйлөшүп турганымда, Түлеев мага бурулуп, кыска сөз сүйлөп, чаап жиберди. Куран окуткан жерде мушташ болбош керек болчу! Ушул жашка келгенде мушташты ташташ керек эле. Ага жооп кайтарайын десем, мени анын жансакчысы кармап калды. Ал жансакчысынын артынан тепкенге аракет кылды. Ал жердегилер бизди ажыратып, жамандыкта турганыбызды эскертип, токтотушту. Мен дароо өзүмдү кармадым, ал болсо тынчыбады, тынчыбагынан улам: “Мен жансакчысыз жүрөм, алардын артына жашынбай, четке чыгып мушташалы”,-деген сунуш киргизсем, болбой койду. Бийликте турганда деле, азыр деле, мен Түлеевге окшоп жансакчы менен жүрбөйм. Анткени, коркконго себеп жок. А Түлеевдин болсо корко турган жайы бар окшойт.

Экөөнүн чыры болгон күндү бу ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Түлеевдин айтканы боюнча…

Нариман Түлеев бул окуя боюнча: “Мен болгону салам бербей, аны сөгүп кеттим. Алар (Данияр Нарымбаев менен Сапар Исаков жөнүндө сөз болууда. Ал жерге С.Исаков да барыптыр, бирок, аны Д.Нарымбаев көрбөптүр – авт.) кол сунганга татыксыз адамдар. Бул эки жигит Атамбаевди ажыдаар кылган адамдар. Мени каматканга салым кошкон, камакта жатканымда үй-бүлөмдү “геноцид” кылган ушулар. Анан мен алар менен кантип учурашам?”, — деген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.