Чолпон Жакупованын апасын акыркы сапарга узатууда Нариман Түлеев кимди оозго урган?

Чолпон Жакупованын апасын акыркы сапарга узатууда Нариман Түлеев кимди оозго урган?

«Адилет» укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова бүгүн апасын акыркы сапарга узатты. Маркум менен коштошуу зыйнатына белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар барышты. Экс-депутат, экс-мэр Нариман Түлеев, Атамбаевдин убагында аппарат жетекчиси болгон Данияр Нарымбаев да барып, уруша кеткенин «Маалымат.kg» сайты жазып чыкты. Ал төмөндөгүдөй:

Бүгүн, 3-июнда коомдук ишмер Чолпон Жакупованын апасынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына чогулган саясатчылар Нариман Түлеев менен Данияр Нарымбаев уруша кетти. Жаңжал мушташууга жетип, Түлеев Данияр Нарымбаевди эки бутунун ортосуна тээп, оозун жара муштады. Уруп жатып, «мен сенин түбүңө жетем» деп өтө уят сөздөрдү аралаштырып сөктү. Жанындагылар арачалап, ажыратып калышты. Данияр Нарымбаев кол кайтарып, муштум узатып жооп берген жок.
Нариман Түлеев, Данияр Нарымбаевди убагында соттолуп, куугунтук жегенине күнөөлөп жүргөн
”,-деп жазып чыкты «Маалымат.kg» сайты.

Нариман Түлеев буга не деди?

Бул боюнча бир топ суроолор менен Нариман Түлеевге кайрылсак, эртең жооп берерин билдирди.

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты коомдук ишмер Чолпон Жакуповага терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.