47 жыл парик кийип, кара чач менен сахнада ырдап келген орус ырчысы, коомдук ишмер, СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон Москвада 81 жаш курагында дүйнө салды. Ал 2005-жылдан бери онкологиялык илдеттен (рактан) жабыр тартары айтылып, акыркы учурда акыбалы жакшы эмес экени жазылып келген. Кобзон депутаттыкка алгач 1990-жылы шайланган. 1997-жылдан бери Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты эле.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы