Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 28-апрелге карата брифингде Талас облусунда санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу, тынч экенин, коронавирус жуккан адамдар каттала электигин жана Талас облустук штаб жакшы иш жүргүзгөнүн билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөдөн келген адамдар менен байланышта болгон Бишкектеги таластыктар обсервацияга жайгаштырылып, анализ алынып, жугузуп алгандар аныкталган. Аларды Таласка жибербей, өз убагында Бишкекте кармап калганга жетишкен.
Коронавирустун жалпы саны 708ге жетти
Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, дагы 13 адамдан коронавирус табылып, Кыргызстанда жалпы саны 708ге жеткен. Жаңы катталган учурдан Чүй облусунда – 6, Бишкек шаарында – 3, Жалал-Абад облусунда – 2, Нарын облусунда – 2 .
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы
One thought on “Видео — Нурболот ҮСӨНБАЕВ: «Бишкектеги таластыктардан коронавирус табылган, аларды Таласка жибербей кармап калганга жетиштик»”