Мындай пикирин спикер Канат Исаев бүгүн, 15-октябрда, “24.kg” маалымат агенттигине билдирди.
Анын пикиринде, өлкөдөгү кырдаал азыр өтө кооптуу болуп турганда президент Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетпеши керек. «6-чакырылыштын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап, Садыр Жапаров башында турган өкмөт жаңы гана өз милдеттерин аткара баштады. БШК Жогорку Кеңешке жаңы шайлоолорду жарыялайт — аларды туруксуздук шартында өткөрүү кайтарылгыс кесепеттерге алып келет. Бүгүнкү күндө президент мыйзамдуу бийликтин бирден-бир булагы бойдон калууда. Ошондуктан, ал азыр кызматтан кетпеши керек! Бул туура эмес жана жаңы толкундоолорду жаратышы ыктымал«, — дейт К.Исаев.
Белгилей кетсек, 13-октябрда Канат Исаев спикер болуп шайланган. Кечээ, 14-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров экөө президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан эле…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы