Бүгүн, 23-октябрда, «Ала-Тоо 24» түз эфиринде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин билдиргенине караганда, 45 жашка чейинки адамдар арасында вирус жуктургандар көп катталууда.
Айтымында, жаштардын арасында вирус жуктургандар санынын өсүшү шайлоодон кийинки митингдерге байланыштуу. «Ал жерде маска тагынгандар аз, ал эми аралык сактоо жөнүндө айтпай деле койсо болот. Ошондуктан инфекциянын тез жайылышына өбөлгө түзүлдү», — дейт Нурболот Үсөнбаев.
ШТАБ: «Бир суткада эле 582 адамдан вирус табылды»
Ал эми Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 23-октябрдагы маалыматына караганда, бир суткада COVID-19 вирусунан төрт адам каза болгон. Акыркы суткада 582 адамдан вирус табылган. Мурда ооругандардын 324ү айыгып чыккан.
Эске сала кетсек, марттан бери вирус жугузуп алгандардын саны 54588ге жетип, анын 1126сы жашоо менен кош айтышкан. 47 050 бейтап айыгып чыккан. Статистика боюнча, учурда вируска чалдыккан 3139 бейтап стационарда, калганы үй шартында дарыланууда.