ФОТО: «АКИпресстики»
Бул тууралуу «АКИпресс» жазып чыкты. Алардын айтымында, Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 29-октябрда жарыкка келген үч эм бүгүн, 4-ноябрда, үйүнө чыгарылды.
Аталган борбордун башкы дарыгери Салтанат Назаралиеванын айтымында, үч эм 2 кг 20 гр, 2 кг 300 гр, 2 кг 500 гр болуп төрөлгөн. Учурда эне, балдардын абалы туруктуу. Ымыркайлардын 21 жаштагы апасы Сезим Ырысбек кызынын айтканы боюнча үй-бүлөлүк чечим менен наристелерге президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровдун урматына Садыр, Жапар, Нуркожо аттуу ысымдарды ыйгарышкан.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы