Бүгүн, 8-декабрда Аксыда бала бакча күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин Басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, саат 00:15де «112» кызматы аркылуу «Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл аймагынын Сыны айылындагы №26 бала бакча күйүп жатат» деген маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 1 өрт өчүрүү бөлүм тартылган. Өрт саат 02:10 до курчоого алынып, саат 03:45де өрт толугу менен өчүрүлгөн, жалпысынан 784м2 күйгөн. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы